2025-жылдын 29-30- апрелинде Нарын районунда мектеп мугалимдеринин арасында «Жылдын мыкты мугалими – 2025» аталышындагы кароо-сынактын райондук баскычы болуп өттү.Бул иш-чара мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү жана тажрыйба алмашуу максатында уюштурулуп, ага райондун жалпы билим берүү мекемелеринен 25 мугалим катышты.
Жыйынтыгында, 7 мугалим облустук турга катышууга жолдомо алышты. Бул мугалимдер райондун намысын коргоп, билим берүү тармагындагы мыктылардын катарында күч сынашат.
Сол жакта көркөм өнөр мугалими Жусубалиева Айчүрөк, оң жакта райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исакова Гүлбарчын Бейманжановна
Мыктылардын катарында Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинин көркөм өнөр мугалими Жусубалиева Айчүрөк конкурста «Жылдын мыкты көркөм өнөр мугалими» номинациясына ээ болуп, Нарын Райондук Билим Берүү Бөлүмүнүн 1- даражадагы дипломун камсыз кылып,облустук турга жолдомо алды.
Б. Макилова