Бүгүн Ак-Талаа районунда билим берүү бөлүмү тарабынан «Жылдын мыкты мугалими-2026» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы-2026» сынагы старт алып, ага район боюнча 37 мугалим жана 15 тарбиячы катышууда.
Мугалимдер сынак үчүн даярдаган сабактарын Ш.Бейшеналиев атындагы и.ж.б.б.мектептеринде, ал эми тарбиячылар «Тынчтык» бала бакчасында өтүшүүдө. Билим берүү бөлүмүнүн методикалык кабинетинин башчысы Ч.Сатындиеванын айтымында аталган сынактын I этабы мектеп жана бала бакча ичинде өткөрүлгөн.
![]()
![]()

Чынар Сатындиева мет.кабинет башчысы (ондон экинчи)
«Учурда райондук II этабы өтүүдө. Бул сынак жыл сайын жалпы билим берүү орто мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында мыкты инновациялык-технологиялык идеяларды колдонуп, чыгармачылык менен иштеп жатышкан алдыңкы мыкты, таланттуу мугалимдерди жана тарбиячыларды аныктоо, аларга колдоо көрсөтүү, иш тажрыйбаларын жайылтуу максатында уюштурулат»-дейт Ч.Сатындиева.
Кароо-сынактын жеңүүчүлөрү облустук турга катышууга жолдомо алышат.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова