Ак-Талаа районунда жазгы айдап-себүүгө жана сугат иштерине даярдыктар көрүлүүдө. Учурда суу каналдар, насостук станцияларда механикалык тазалоо иштери жүрүп жатат. Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Эркинбек Искеновдун маалыматына караганда Баетов айыл аймагындагы Чоң Бактыгул, Кара-Бургөн айыл аймагындагы Эски-Чегиртке каналы, Тоголок Молдо айыл аймагындагы Нарын-Ак-Тал суу каналдарында жана Ала-Буга насостук станциясында (Кара-Бургөн а.а) жазга карата механикалык тазалоо иштери жүрүп жатат.

Ала-Буга суу насостук станциясындагы оңдоо жумуштары


Жаны Чегиртке каналын бетондоо иштери


Эски-Чегитрке каналындагы суу ченөөчү посттор, суу бөлгутөрдү суу берүүгө даярдык жумуштары




Чон Бактыгул каналындагы даярдык


«Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 650мин сом каражат жумшалды. Ошондой эле башкармалыктын техникаларын даярдоо үчүн 430миң сомго запастык тетиктери алынып, оңдоодон өттү» -деди Э.Искенов. Ошондой эле айрым чөлкөмдөрдө сугат суу берилгенин кошумчалады: » Бактыгул каналына 22-мартта суу салынса, ал эми Эски-Чегиртке каналынын 1.5 чакырымы тазаланып, суу салууга даяр. Мындан сырткары, Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Тай-Сарай тилкесине суу салынып, сугат иштери башталды».
Даярдаган: Барчын Мамытбекова