Дени сак аял – дени сак баланын, дени сак коомдун булагы. Аялзаты өз ден соолугуна кайдыгер карабашы керек. Айрыкча, эне болууга даярданып жатканда ден соолугуна маани берүү зарыл. Акушер-гинеколог Айнура Матураимова аялдардын саламаттыгы тууралуу кеңештери менен бөлүштү.
Кош бойлуулукту пландоонун мааниси
— Көпчүлүк кыз-келиндер «3 ай болгондо эле каттоого турам, ошондо дарыгерге көрүнүп коём” — деген ой менен жүрүшөт. Бирок туурасы турмушка чыгаардан мурун же кош бойлуу болууну каалагандан 3–6 ай мурун текшерүүдөн өтүү керек. Бул учурда аял жалпы ден соолугун, кандагы зыян заттарды тазалоо, өнөкөт оору бар-жогун текшерип, витаминдерди ичип, организми толук кандуу бала көтөрүүгө даяр болушу зарыл.
Пландоо биринчи төрөткө гана эмес, кийинки төрөтөргө да тиешелүү. Баланы 2 жашка чейин эмизүү зарыл. Төрөт аралыктары сакталбай калса эненин организми толук калыбына келбей калат. Кийинки төрөткө чейин энеге дагы 1 жылдай убакыт керек бул анын ден соолугунун калыбына келишине шарт түзө алат. Себеби сүт менен 2 жыл баласына берген азык затты кайра топтоо керек болот.
Текшерүүдөн өтүү – аял менен эркектин бирдей милдетти
-Эне болууну аял гана эмес, анын жубайы да олутуу мамиле кылуусу керек. Аял киши гана эмес сөзсүз түрдө жолдошу оорубаса да дарыгердин кароосунан өтүп коюу зарыл. Көпчүлүк эркектер «мен оорубайм, эмнеге текшерилем?» деп ойлошот. Бала — эки адамдын бирге жараткан өмүрү. Учурда жаштар турмушка чыкканга чейин эле текшерилип, ден соолугун билүү үчүн окуп, дарыгерге көрүнгөнгө келгендери кубандырат.
Туура жана толук кандуу тамактануу
-Ден соолуктун чын болушунда туура тамактануунун орду чоң. Айрыкча эртең менен тамактанбай, кечке чейин жүргөн учурлар кездешет. Бул өтө зыяндуу. Организм витаминдерди тамак-аш аркылуу гана алат. Эгер витамин жетишсиз болсо, баланын жетилишине терс таасирин тийгизет.Кош бойлуулукту пландап жаткан учурда эң аз дегенде 3–6 ай мурда туура тамактанууга өтүү сунушталат. Ар күнү жашылча-жемиш, белокко бай азыктар жана пайдалуу углеводдор болушу керек. Ал эми газдалган суусундуктар, фаст-фуд, таттуудан баш тарткан туура. Кош бойлуу аялдар үчүн атайын тамактануу пирамидасы бар, аны интернеттен табууга болот. Негизи эле келечекте эне болом деген кыздар туура тамактанууга маани берүүсү керек.
Стресстен алыс болуу – ден соолуктун бир бөлүгү
Стресс — жөн эле ыйлоо эмес. Катуу айтылган сөз, көңүл ооруткан мамиле да кош бойлуу аялга терс таасир берет. Жолдошу, кайын журтту, аялды эмоционалдык жактан коргоп турушу абзел.
Кош бойлуулук маалында негативдүү кабарлар, гаджеттерден тараган нурлар, маанайга таасир этүүчү нерседен алыс болуу зарыл. Түйүлдүк өтө назик, анча чоң эмес көрүнгөн факторлор да түйүлдүккө зыян алып келиши мүмкүн.
Өзгөчө сактык талап кылган учурлар
Кош бойлууларда эклампсия, кан басымдын өзгөрүшү, бөйрөк оорусу жана төрөт учурундагы кан кетиши мүмкүн. Бул аялдын өмүрүнө коркунуч жаратат жана дарыгер менен үзгүлтүксүз байланышта болуу — өз өмүрүн баланын өмүрүн сактап калуунун негизги жолу.
Төрөөгө ылайыктуу курак
Төрөгөө эң ылайыктуу курак — 18 жаштан 35 жашка чейинки убакыт. 18 жашка чейин организм толук жетиле элек. Ал эми 35тен кийин өнөкөт оорулар көбөйөт. Бул баланын саламаттыгына да, эненин ден соолугуна да түз терс таасирин берет. Эненин ден соолугу начар болушу дени сак баланы жарык дүйнөгө алып келүүсү күмөн. Себеби 35 жаштан кийинки төрөттө ар кандай генетикалык ооруларга чалдыгып калуу ыктымалдуулугу жогорулайт.
Эне болууга даярдык ден соолукту чындоодон, туура тамактануудан жана стресстен сактануудан башталат. Ар бир болочоктогну апа өзүн сыйлап, ден соолугун алдын ала текшерип жана баласы үчүн туура чечимди кабыл алуу маанилүү. Дени сак эне – дени сак муундун башаты.
Айпери Марлесова