25-апрель күнү Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде өзгөчө майрамдык маанай өкүм сүрдү. 1-«А» жана 1-«Б» класстары үчүн «Алиппем – алтын ачкычым» аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлүп, бул күн кичинекей окуучулар үчүн унутулгус кубаныч тартуулады.
Майрамдык иш-чараны 1-«А» классынын класс жетекчиси Акылжан Кадырбекова жана 1-«Б» классынын класс жетекчиси Батмабүбү Чилдебаева жогорку деңгээлде уюштурушту. Бир жыл бою тамга таанып, окуп үйрөнгөн окуучулар өз өнөрлөрүн көркөм ырлар, бийлер жана сахналашкан оюндар аркылуу көрсөтүштү.
Майрамдын өзгөчө бөлүгү – орус тили сабагынан даярдалган чыгармалар болду. Элира Асанованын жетекчилиги астында окуучулар орус тилинде көркөм ыр айтып, жомокторду айтып беришти. Айрыкча кыздар ырдаган орус частушкалары ата-энелердин жүрөгүнө жылуулук тартуулап, залдагы көрүүчүлөрдү кубанычка бөлөдү.
Окуучулар орус частушкаларын аткарышууда
Алиппе майрамында окуучулар жомоктон көрүнүш коюп, сахнада өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Алиппе майрамы – бул балдардын билим дүйнөсүнө жасаган алгачкы кадамы. Бул күнү окуучулар тамгаларды таанып, өз алдынча окуганга жетишкени белгиленип, мугалимдердин, ата-энелердин колдоосу менен жаңы сабактарга даяр экендиктери даана байкалат. Бул майрам – кубанычтын, үмүттүн жана жаңы башаттын белгиси. Ал мектеп жашоосундагы эң маанилүү учурлардын бири болуп саналат жана ар бир окуучу үчүн унутулгус таасир калтырат.
Нурпери Качкынбекова.