Манас атындагы орто мектебинде 6-май күнү 1-А жана Б класстары “Алиппе” майрамын белгилешти. Майрамга ата-энелер келип катышты.
Майрамда окуучулар өз өнөрлөрүн ата-энелерине тартуулады. 1-А класстын класс жетекчиси Хамида Калжигитова балдарга берген билими мөмөсүн бере баштаганын айтты.

“Мына бүгүн бизде ”Алиппе” майрамы өткөрүлдү. Бир жылдык жыйынтыгыбызда өзүмдүн баалоом боюнча, окуучуларым жакшы ийгиликке жетишти. Баардык тамгаларды тааныды, жазганды, окуганды үйрөндү. Азыркы убакта балдардын маанайы өтө жакшы деп айта алам. Ар бири жадырап-жайнап маанайы ачык”, — деп токтолду Калжигитова.

1-Б класстын класс жетекчиси Асылкан Убайдуллаева алгачкы жолу биринчи классты окутуп, ”Алиппе» майрамын өткөрүп олтурганын айтат. Мугалимдик кесиптин жоопкерчиликтүү экендигин терең түшүндүм дейт ал.

«Кичинекей наристелер менен иштөө мен үчүн кызыктуу. Мындан ары да балдардын күмүш күлкүсүн угуп, талыкпай эмгектенем деген үмүттөмүн”, — деди Убайдуллаева.
Айыл тургуну Мархамат Сарыбаева кызынын «Алиппе» майрамына келген. Балдарыбыз тамга таанып “Алиппе” китебинен жаттаган ырларын, макал-лакаптарын, жаңылмачтарын айтып бизди кубандырды дейт ал. «Окуткан эжейлерине чоң ыракматыбызды айтып, ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, — деди Сарыбаева .
Биринчи класстын окуучусу Эшматов Азамат «мен жакшы окуймун, эжейим Асылканды жакшы көрөм, ага ыраыкматымды айтам” дейт.

Майрамдын акырында ата-энелер балдарына өз белектерин тартуулашып, эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.
Даярдаган: Нурислан Жанибеков
Сынак үчүн