Терек-Суу айылындагы №12 Курама уулу Турусбек мектебинин мугалимдери бирдиктүү формага өтүштү. Бул бирдиктүү форма кийүү демилгеси аталган мектептин директору Турсумкан Абдыгуловага таандык.
Мектеп окуу бөлүмүнүн башчысы Кенжекан Аматбекова билим берүү министрлиги тарабынан берилген 2015-2016-окуу жылдарында бирдиктүү форма боюнча атайын иштелип чыккан буйруктун негизинде жана мектеп директорунун демилгеси менен бул форма кийилип жаткандыгын айтат.
«Мектепте мугалимдердин бирдиктүү формага өтүүсүнүн себеби, бизге жеке ишкерлер кайрылып, өздөрү бизге формаларды көрсөтүп, кандай аласынар деп, анан биз ушул форманы жактырып, тандап алдык. Бирдиктүү формага өтүүгө мектептин директору Абдыгулова Турсумкан эже чоӊ өбөлгө түздү десек болот, алгыла кийгиле деп», — дейт окуу бөлүмүнүн башчысы.
Кыргыз тили сабагынын мугалими Эрке Стамалиева бул форманын сапаты жакшы жана мугалимдердин айлыгына туура келет деген ойдо.
«Учурда бул форманы кийип жаткандан кийин жагып жатат. Сапаты, кийинүү стили башкача болуп калат экен, мага форма абдан жакты. 2500 сомдон алдык, азыркы базар экономикасына алып караганда, баасы биздин айлыкка ыӊгайлуу экен, анын үстүнө биз дагы жарым баасына алдык. Бизге мектептин директору жана администрация тарабынан айтылган, анан мугалимдер макулдашып, форманы кийүүгө макул болдук», — дейт Стамалиева.
Даярдаган: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн