Бакай-Ата районундага Жоломан атандагы эс алуу багында 9-май жеңиш күнүнө карата эскерүү болуп өттү. Эскерүүгө окуучулар, мугалимдер жана ардагерлер катышып кетти.
Эскерүүгө келип катышып өзүнүн ыр сабын арнаган Курсант кызы Сезим өз оюн мындай деп билдирди.
“Мен ушул жеңиш майрамга эки жыл мурун жазган ыр сабымды арнаганы келдим. Анткени алар биздин жашообузду сактаган. Бул майрам жогорку деңгээлде өтүп жатканына кубанычтамын, биз согуш ардагерлерин түбөлүк эстеп жүрүүбүз зарыл”, — дейт Сезим.
Ардактуу согуш ардагеринин бири Юнаин Раимкул чоң ата 91 жашка чыкты. Ал 17 жашында согушка катышканын айтат.
Көрүүчүлөрдүн арасынан Сабыркул кызы Хализат “майрам жагып жатат, концерт мыкты деңгээлде өттү” деди.
Мындан тышкары Бакай-Ата районун аскердик бөлүмүнүн, кызматкерлери жана окуучулардын арасында 9-май Улуу жеңиш күнүнө карата парадга катыша алышты.
https://www.youtube.com/watch?v=mPA3_WZ0ie8&feature=youtu.be
https://www.youtube.com/watch?v=h2cONt9W8XE
Даярдаган: Мухаммед кызы Назми, Узөнкул кызы Алина
Сынак үчүн
АСе