Кызыл-Туу айылындагы С.Абдылдаев атындагы орто мектебинин «Жаш натуралист» ийриминин карамагындагы этботаникалык бакчада өсүмдүктөр гүлдөөдө.
Аптека ромашкасы
Аптека ромашкасы 50 см бийиктиктеги көп сандаган ичке, жылаңач бутакчалардан турган, сабагы бар бир жылдык дары өсүмдүгү. Гүлү 12-18 ак желекчелерден турат.
Башка ромашкалардан болгон айырмасы – мунун дарылык касиети гүлүндө. Тынчтандыруучу, өт айдоочу дарылык сапатка ээ. Ошондой эле, суук тийгенге каршы колдонулат.

Дары мелисса же лимон чөбү
Эрин гүлдүүлөр тукумуна кирүүчү көп жылдык чөп өсүмдүгү. Сабактары бутактуу, төрт кырдуу, бийиктиги 30-120 см. келип, сырты түк менен капталган. Жалбырагы жумуртка сымал, жээги ачык, тишчелери бар. Гүлдөрү агыш же кызгылт түстө болот.
Жүрөк ооруларына, уйку качканда, ич өткөндө, аз кандуулукта, нерв алсызданганда тынчтандыруучу каражат катары сунуш кылынат.

Айдама жалбыз– Мята перечная
Көп жылдык өсүмдүк. Сабагы төрт кырдуу, кызгылт түстө болот. Бийиктиги 30-100 см. жетет. . Жалбырактарын июль-август айларында жалпы гүлдөй баштаганда кол менен жыйнайт.
Жалбыздын жалбырагын заара, өт, тер чыгаруучу дары чөп катары колдонушат.

Алтын тамыр
Көп жылдык өсүмдүк, өтө жоон тамырлуу, сабактары түз. Бийиктиги 10-40 см. жетет. Жалбырактары сапсыз, сабагында жыш отурукташкан. Жыпар жыттуу, ширелүү.
Ашказан ооруларына дарылык касиети күчтүү жана органимди тынчтандыруучу өзгөчөлүгү бар өсүмдүк.

Пион гүлү
Бийик тоодо өсөт. Ачык кызыл болуп гүлдөйт. Дарычылыкка тамыры колдонулат. Жүрөк, тынчтандыруу жана ички органдар ооруларына дары.

Мышык тамыр
Бозомук түстөгү кыска өзөк тамырлуу, көп жылдык дары чөп өсүмдүгү. Сабагы түз, 180 см. бийиктикке чейин өсөт. Жалбырактары бири-бирине карама-каршы жайгашат. Гүлү майда, агыш апарман түстө.Дарылык касиети – тамырында.
Нервди тынчтандыруу, жүрөк, кантамыр системасынын ишин жакшыртуу, невроз, ашказан, ичеги карын жана нерв ооруларына, гипертонияга каршы колдонулат.

Элик оту (манжетка)
Бөксөлөрдө өсөт. Дарычылыкка гүлү, жалбырагы колдонулат. Канды тазалайт, кант диабетине жардам берет.


Ала тикен

Четин

Жер картошкасы

Тенге гүл

Ушул жана башка дары өсүмдүктөрү менен таанышып кетсеӊиздер болот.
Даярдагандар: Жоомар Коргонбаев, Ислам Мирлан уулу