9-май-Улуу Жеңиш күнү Кочкор районунда өзгөчө салтанат менен белгиленди. Майрамдык иш-чаранын алкагында «Өлбөс полк» жүрүшү уюштурулуп, ага мекеме-уюмдардын кызматкерлери, жаштар, окуучулар жана жергиликтүү тургундар активдүү катышты.

Жүрүшкө катышкан жарандар Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон ата-бабалардын сүрөттөрүн көтөрүп, алардын эрдигин эскеришти.Бул иш-чара элдин биримдигин, тарыхка болгон урмат-сыйын жана тынчтыктын баалуулугун даңазалады.
«Өлбөс полк» жүрүшүнө келген катышуучулар өздөрүнүн ата-бабаларынын эрдиги жөнүндө айтып беришти.

Зарина Касымбек кызы Кара-Суу айылынын тургуну
Алардын бири Кара-Суу айылынын тургуну Зарина Касымбек кызы бүгүнкү жүрүштө өзүнүн чоң атасы Бугубай Осмоналиевдин сүрөтү менен келип, аталардын эрдигине жана кан жолду өтүп бизге тынч жашоону алып келген үчүн чоң ыраазычылык билдирди.
9-Май Жеңиш күнү өзүнүн тайатасы Молдокмат Сарыбаевдин Улуу Ата Мекендик согушта кылган эрдиги жөнүндө небереси Таалайкүл Эркинбаева айтып берди.

Таалайкүл Эркинбаева
«Тайатам Молдокмат 1923-жылы 15-мартта төрөлгөн, 1942-жылы 7-классты аяктап 4-мартта Ата Мекендик согушкка кеткен. Монголиядагы Улан-Удэ шаарында 4-айлык аскердик машыгууда болуп андан соң Сталинград шаарын коргоого жөнөтүлгөн. 1945-жылы 9-май Рига жана Эльба шаарларын бошотууга катышкан. Ошондой эле Украина, Москва шаарын калыбына келтирүү жумуштарына катышып 1948-жылы өзүнүн Мекенине кайтып келген.
Төлөк айылынын тургуну Жез Субаналиев бүгүнкү жүрүшкө чоң атасынын сүрөтү менен келип катышып жатканына сыймыктанып турган кези.

Жез Субаналиев Төлөк айылынын тургуну
«Бул күн биздин ата-бабаларыбыздын эрдигин эскерген ыйык күн. Алардын Мекен үчүн кылган курмандыгы эч качан унутулбайт. Жеңиш күнү- тынчтыктын, биримдиктин майрамы. Биз бүгүн аталардын, апалардын сүрөттөрүн көтөрүп чыгуу менен алардын элеси ар дайым жүрөгүбүздө экенин көрсөтүп жатабыз. Асманыбыз ачык, өлкөбүз тынч болсун-деген каалоо тилектерин билдирди.

«Өлбөс полк» жүрүштүн соңунда борбордук аянтта майрамдык парад уюштурулуп, мекеме-кызматкерлери салтанаттуу жүрүш менен өтүштү. Парад майрамдык концерт программа менен коштолду жана келген конокторго жана катышуучуларга атайын уюштурулган талаа ашканасынан ысык тамак жана чай берилди.
Даярдаган: Назик Мирланова