Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында Улуу Жеңиш күнүнө арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү.Иш-чара Суусамыр айыл өкмөтү тарабынан өткөрүлүп, ага айыл өкмөт башчысы, аялдар комитетинин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Майрамдык кечеде чакан концерттик программа тартууланып, анда комуз күүлөрү жаңырып, окуучулар өздөрүнүн таланттарын көрсөтүштү.

Мындан тышкары, патриоттук ырлар аткарылып, Улуу Ата Мекендик согуштагы баатырлар эскерилди. Иш-чаранын соңунда согуштун жоокерлерине арналган эстеликке гүл коюлуп, куран окутулду.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна