1-октябрь — Эл аралык улгайган адамдардын күнүнө карата Кочкор райондук мамлекеттик администрациясында коомдук иштерге активдүү катышкан кары инсандарга дасторкон жайылып, белектер тапшырылды.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Баялы Досалиев белек тапшыруу учуру
Иш-чара Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — район акими Баялы Досалиевдин демилгеси менен уюштурулду. Ага райондогу Аксакалдар сотторунун, Аялдар жана Ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү катышты.
Жолугушууда район акими Баялы Досалиев Кочкор районунда аткарылып жаткан иштер, өткөрүлүп жаткан иш-чаралар жана алдыда пландалган иштер тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле кары инсандардын сунуш-пикирлери, өтүнүчтөрү угулуп, райондун өнүгүүсүнө байланыштуу алдыда аткарылуучу иштер боюнча пикир алышуу болду. Маектешүү эркин микрофон форматында өтүп, катышуучулар өздөрүнүн сунуштарын жана тажрыйбаларын бөлүштү.
Баялы Досалиев жолугушууга келген ар бир инсандын өмүр жолундагы өрнөгүн, коомдук иштерге кошкон салымын белгилеп, алардын эмгегин жогору баалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү адиси Назгүл Абдыкеримованын уюштуруусунда дасторкон жайылып, келген конокторго район акими тарабынан белектер тапшырылды.
Сүрөттөр Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын архивинен алынды.
Даярдаган: Нурия Карымбаева