Токтогул районунда кыргыздын каада-салтын даңазалаган, энелердин биримдигин бекемдеген маданий иш-чара болуп өттү. Бишкектеги Жетинчи каналынын кызматкери Бакыт Өмүрзаковдун демилгеси менен, алдыдагы «Энелер күнүнө» карата өлкөбүздүн жети дубанынан келген «Шайыр апалар» топтору Токтогул районуна келип кетишти.

Бул сапардын башкы максаты улуттук үрп-адатты жандандыруу жана тарыхый мурастарды кийинки муунга өткөрүп берүү. Бул маанилүү иш-чарага республикабыздын жети дубанынан 130дан ашуун апалар келишти. 
Баткен облусунан — 3 топ;Ош облусунан — 2 топ;Талас жана Алай аймактарынан — 4 топ;Ысык-Көл облусунан — 3 топ;Токмок шаарынан — 2 топ.
Программанын алкагында коноктор адегенде Коргол Досу уулунун музейинде болушуп, андан соң Токтогул Сатылгановдун мемориалдык үй-музейи менен таанышышты. Ак элечектүү энелер улуу акындын өмүр жолуна саякат жасап, кеңири маалымат алышты. Андан соң залкар акындын күмбөзүнө барып, куран окутуп, таазим кылышты. Күндүн соңунда Чычкан капчыгайында «Канышай» кафесинде сый тамак берилип, конок үйгө жайгаштырылды.

«Бул иш-чара улуттун уңгусун, каада-салтын, үрп-адатын элибизге кайтарып келүү максатында болду» дейт «Ак Бакай» апалар тобунун уюштуруучусу Турсункан Досуева.

Иш-чарада Токтогул райондук маданият үйүндө райондук администрациянын башчысы А. Тюкебаевдин катышуусунда чоң жыйын өттү. Жыйында аймактардан келген энелерге сый-урмат көрсөтүлүп, мындай иш-чаралардын элдин биримдигин чыңдоодогу орду чоң экени белгиленип, апаларга ардактуу атуул наамдары, ардак громаталар жана баалуу белектер менен сыйланышты. Апаларды тосуп алып сый көрсөтүү жана эс алуу жагын уюштуруу «Ак Бакай» апалар тобу тарабынан каржыланды.
Бул сапар кыргыз энелеринин ак элечегин даңазалаган, тарыхка таазим кылган жана духту көтөргөн өзгөчө окуя катары эсте калды. 
Даярдаган: Азема Сабырбекова