Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылында 1941 – жылы 16 – ноябрда Дубосеково разъезинде душмандын 50 танкасынын чабуулун токтотуу учурунда өлбөс-өчпөс эрдик көрсөтүп, 28 гвардиячы панфиловчулардын арасында бир да огун сая кетирбей, кашык каны калганча каңкор фашисттерди сулатып жатып, теңсиздик салгылашууда курман болгон Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун туулуп өскөн айылында, Улуу Жеңиш күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.
Айыл тургундары
Иш-чаранын башталышында Дүйшөнкул Шопоков атындагы орто мектебинин эмгек жамааты, 2-11-класстын окуучулары, «Шалта келечеги» бала бакчасынын мотурайган бөбөктөрү өлбөс полк менен жөө жүрүш жасашып, мектеп директору Джаныбек Сатылганов, кош баатырлардын уулу милициянын генерал-майору Курманбек Кубатов Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине арналаган эстелигине гүл чамбар коюшту.
Андан соң Шалта маданият үйүндө баатырларды эскерүүчү көргөзмө, концерттик программа уюштурулду. Концерттик программада Дуйшөнкул Шопоков атындагы орто мектебинин окуучулары көркөм окуу, согуш туралуу ыр саптарын, обондуу ырларды ырдашып, Д. Шопоковду согушка узатуу боюнча кыскача сценка аткарышты.
Джаныбек Сатылганов Дуйшонкул Шопоков атындагы орто мектебинин директору: «Биз бүгүн окуучуларыбыз, эмгек жамаатыбыз менен биргеликте Улуу Жеңиш күнүнө карта жөө жүрүш жасап, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын эскердик, маданият үйүндө кыска иш-чара өткөрдүк. Себеби, биз сыймыктанган Улуу Ата Мекендик согуштун кош баатырларынын туулуп өскөн жеринде жашап, Дуйшөнкул Шопоков атабыздын ннамынан билим ордосунун аты аталып, окуучуларыбызга терң билим берип келебиз. Билим ордобузда билим алып келе жаткан окуучуларыбыз дайым көрүп, билип, эстеп жүрүшсүн деп, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган жана Кош баатырларыбыздын жаркын элесине арналган атайын бурчтар, стенддер жасалган. Баатырларыбызды жеке эле бүгүн Жеңиш күнү эмес, ар дайым, ар бир күнү эстеп турабыз.
Өлкөбүздө эч убакта согуш болбосун, ылайым тынчтык өкүм сүрсүн. Жалпы жумурай журтту, кыргыз элин Улуу Жеңиш күнү менен куттуктап, чың ден соолук каалайбыз”.
Иш-чаранын катышуучулары
«Иш-чарада айтылган, ырдалган согуш жылдарындагы ырлар жүрөгүбүздү өйүдү. Мындан ары жер бетинде кандуу согуш болбосун, ар дайым тынчтык өкүм сүрүп, уул-кыздарыбыз, окуучуларыбыз тынчтыктын ырын ырдап, ураанын чакырып жүрө беришсин”,-дейт мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Айнура Оморова.
11-класстын окуучусу Ырыс Арстанбек кызы: «Иш-чарада мекенди сүйүү ыйык милдет экенине ынануу менен патриоттук сезимибиз ойгонду десек жаңылышпайбыз. Дуйшөнкул Шопоков атабыздын кандуу согушка аттанганынан үзүндүү көрүп, согуш кандай болгондугун, элибиз кандай гана кыйын күндөрдү башынан өткөргөндүгүн элестетип жүрөгүбүз кайышты. Өзүм үчүн бул иш-чарада көптөгөн тарбиялык маанини алдым жана согушта курман болгон аталарыбызды эч качан унутпайбыз. Иш-чараны уюштурган биздин Дуйшөнкул Шопоков атындагы ага-эжейлериме терең ыраазычылык билдирем. Ошондой эле Ата Мекендик Согуштун баатыры Д. Шопоковдунбиздин айылда туулуп, өскөнү мен үчүн чоң сыймык”,-дейт.
Эске сала кетсек Шалта айылы дагы Кош баатырлардын айылы деп аталып келет. Себеби Дуйшонкул Шопоковдун жубайы Керимбүбү Шопокова 2 даражадагы «Манас» орденинин ээси, 1941-жылы өзүнчө колхоздук звено түзүп, мурда эч өстүрүп көрбөгөн кызылчаны талаага өстүргөн, кандуу согуштун каардуу жылдарында жан, кан аябастыктын үлгүсүн көрсөткөн айым болгондуктан, эки баатырдын айылын Кош баатырлардын айылы деп келишет эл оозунда.
Баса белгилей кетсек, Кош баатырлардын айылында болуп өткөн иш-чараны Дуйшөнкул Шопоков атындагы орто мектебинин эмгек жамааты, мектеп администрациясы жана тарбия бөлүм башчысы уюштуруп, эң жогорку деңгээлде өткөрүштү. Иш-чарага күбө болгон айыл тургундары, ата-энелер жана кош баатырлардын тун уулу Курманбек Кубатбеков өздөрүнүн ыраазычылыгын мектеп жетекчиси Джаныбек Сатылганов жана жалпы эмгек жамаатына билдирип, чыгармачылык ийгилик каалашты.
Баатырларды эскерүү учуру
Айдай Джолчубекова, Чынара Суюмбекова, Айсулуу Нурматова