«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу Чүй, Талас облустары менен Бишкек шаарынан келген лидер айымдар борбор калаада чогулушту. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.
Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.
Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.
Бүгүнкү эфирде «Таластагы эстеликтер: туризмби же тарыхпы?» деген тема талкууланат.
“Кыйындын” катышуучулары:
Айпери Шүкүралиева — Шаарбек Нурбаев атындагы мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, география мугалими;
Махабат Акмат кызы — Талас облустук аялдар кеңешинин мүчөсү;
Моймол Жусупова — Тарых илимдеринин кандидаты, доцент.
Талкууну бул жерден көрсөңүз болот:
https://www.youtube.com/watch?v=M0GfkcZxSe8&t=9s