Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында жазгы жер айдоого, айдоо жерин алып иштетүүгө кезекте тургандар үчүн аукцион болуп өттү. Ага жергиликтүү тургундардын катышты.

Жыл өткөн сайын Суусамыр айылында дыйкадардын саны өсүп, көп жылдар бою иштелбей калган жерлер дагы айдалууда. Бул дагы болсо жакшы көрүнүш. Эгер өткөн жылдары жайыттарга арпа гана айдалып келген болсо, азыркы учурда буудай, дары чөптүн айрым түрлөрү себилип, жакшы көрсөткүчтөргө күбө болушууда.

Дуйшоналы уулу Урмат жер адиси )
“Аукцион 6-7 жылда бир Суусамыр айыл өкмөтү тарабынан уюштурулуп турат. Бул иш чарага негизи Кыргызстан ичинен бүткүл каалоочу дыйкандар катышууга укугу бар. Аукционго катышууга райондон дагы келип катышып турушат, бирок аукциондун катышуучуларынын басымдуу бөлүгү жергиликтүү дыйкандар. Бул дагы болсо кубандырат, себеби жергиликтүү тургундар жыл өткөн сайын дыйканчылыка кызыгып, чарбачылык өнүгүү жолуна бара жаткандай.”
Айчолпон Бактыбековна