Төлөк айылынын чабандары жайкысын Кашка-Суу жана Соң-Көл жайлоолоруна жайлап келишет. Акыркы жылдары малдын саны көбөйгөндүктөн жайыттар такырланып бара жатат. Андыктан жайыттарды калыбына келтирүү максатында жайлоолорго көп жылдык урук себилди.
Нарын районуна караштуу Оттук айылынын тургундары дээрлик мал менен алектенип келишет. Кышкысын айыл тургундары малын жем, чөп менен кыштан чыгарат. Күз, жаз, жай айларында жайытты колдонуп келишет. Муну менен катар …
Төлөк айылынын тургундары дээрлик мал менен алектенишет. Кышкысын сырттан сатып келген тоют менен багышса, жаз, жай, күз айларында жайыттарды пайдаланышат. Андан сырткары, Кочкор районунун айрым айылдарынан акыга мал алып келишип, …
6-декабрда Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүндө «Жергиликтүү коомчулук тарабынан жайыт ресурстарын сактоо» долбоорунун алкагында семинар-тренинг өткөрүлдү. Семинарга Кочкор райондук администрациясынын башчысы-аким Эрмекбай Омошев, «Кыргыз жайыты» ассоциациясынын төрагасы, Жергиликтүү кеңештин депутаттары, …
12-октябрда Кочкор районундагы Кара-Суу айылында «Коомчулуктар жана түпкү элдер сактаган аймактар» аталышындагы тренинг болуп өттү. Тренингке айыл тургундары, жайыт комитетинин төрагалары, Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы жана аппарат кызматкерлери, ошондой эле …
Кочкор районуна караштуу Чоң-Туз жайлоосунда жасалма мөңгү курулуп жатат. Бул иштин негизги себеби мөңгүлөрдүн санынын азайып жаткандыгында.
Төлөк айылындагы жылкылар электрондук базага катталды. Анда ар бирине чип басылат.
Жаз айларынан баштап күз мезгилине чейин адамдар жайлоого чыгып, тиричилик кылып келишет. Жылдан жылга жайыт жерлер азайып, чөп чыкпай такыр калган жер тилкелеринин саны күн санап өсүүдө.
Соң-Көлдөгү жайыт маселеси бүгүнкү күндүн көйгөйү, малдын көп сандап келиши жерлерди боз топуракка айлантып, такырлантууда. Бул маселени чечүүдө мамлекет дагы кайдыгер карабашы керек. Бул боюнча бүгүнкү коногубуз Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин …
Баетов айылында жайыт акы бир бодо мал үчүн бир жылга 70 сом, майда жандыктарга (кой-эчки) 14 сомдон төлөнөт. Ал эми алардын төлү үчүн төлөнбөйт (тай, козу, улак). Адатта мал ээлери, …
Жыл өткөн сайын Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарды алтыгана ээлеп деградацияга учуратууда. Бул маселени пилоттук түрдө жок кылуу иштерин көрүү үчүн атайын техникалар менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков келди.
Төлөк айылы райондон бир аз алыс жайгашкан, климаты да катаал. Эгин айдап, жер-жемиш өстүрүүгө ылайыкташылган эмес. Андыктан айыл эли ар дайым мал чарбагылыгы менен алектенишет. Ишкердик кылуу үчүн жаз мезгелинен …
«Соң-Көл» орто мектебинин 6-7-8-9-класстарынын окуучуларына атайын Чолпон айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Тунукбек Токтомушов келип жайытты туура пайдалануу боюнча сабак өттү.
31-майда Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин жогорку классынын окуучуларына «Жайытты туура пайдалануу жана сактоо» деген темада тренинг болуп өттү.
Мал киндиктүү Нарын жергесинде акыркы үч жылдан бери жайыт маселеси курч болуп келет. Анткени жыл сайын малдын саны өсүп, жайыттардын аянты барган сайын тарып барат. Мындан улам жайыттагы тоют сыйымдуулугун …
Жаз мезгили башталып, айыл тургундары жайлоого көчүп жайлап келүү үчүн Кочкор районундагы айрым айыл өкмөттөрдүн жергиликтүү тургундарынын малын алып келишүүдө. Мал сырттан көп киргендиктен жайыт, салык, көчүүнүн убактысы жана башка …
Пандемияда эч кандай ишибиз токтогон жок. Жайлоого мал жайган малчыларга пандемия таасир этпеди. Анткени мал-жандыкты караш керек. Жайыт акысын да өз убагында төлөр жатышты .
Суусамыр өрөөнүнүн эли мал чарбачылыгы менен алектенип, мал багууда жайыттар колдонулуп келет. Ошондуктан Суусамыр айыл өкмөтүнө караштуу жайыттарды туура багытта колдонуу негизги маселе бойдон калууда.
Эки жыл мурун пандемия башталгандан бери бардык өлкөлөрдө карантин киргизилип, анын ден-соолук үчүн гана эмес, экономикалык кесепетин азыркы күнгө чейин көрүп келе жатабыз. Анын таасири Ача-Кайыңды аймагынын жайыт комитетинин дагы …
Кышкысын малды негизинен үйдө, атайын жайларда багуу керек. Барган сайын бул мал багуунун өзүнчө бир маданияты болуп калышы керек.