Жаз айларынан баштап күз мезгилине чейин адамдар жайлоого чыгып, тиричилик кылып келишет. Жылдан жылга жайыт жерлер азайып, чөп чыкпай такыр калган жер тилкелеринин саны күн санап өсүүдө.
Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айыл аймагынын жайыт комитети Өмүрбек Карабагышов жайыт жерлеринин деградация болушуна адамдар себепкер экенин айтат:
«Адамдар май айынын башынан баштап октябрь айына чейин жайлоолордо жайлашат. Ал жакта жаратылышты коргой билүү менен жоопкерчиликтүү керектөө айлампасын бирге колдонуу керек.
Мисалга алсак, жайлоодо боз үйлөрдү орноткондон кийин ордун, мал короолорду, желелерди жайыт жерлердин мыйзамы боюнча он күн сайын алмаштырып туруу керек. Бирок бул нерсени баары жасай бербейт. Көп убакыт алмаштырылбагандан кийин ал жерге чөп чыкпай калат анан деградация башталат.
Жайлоолордо таштанды маселеси да күч алган. Малдын өлүктөрүн, терилерин талааларга ыргытып жиберген адамдар да бар. Жайыт комитети жыл сайын жайлоого көчөрдүн алдында элдерге жаратылышты коргоо, жоопкерчиликтүү керектөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз.»
Жай чилдеде кыш мезгилин бир гана жайлоодо көрүүгө мүмкүн. Бирок күн суук болгондо малдарга кам көрүү бир кыйла татаал.
«Жайлоолорго кар түшкөн учурларда ӨКМ, айыл өкмөт менен биргеликте иш алып барабыз. Жашоочуларга тамак-аш, дары-дармек, отун, малдарга жем, чөп, даярдалып, жайлоолорго жеткирилип, жардам көрсөтүлөт»,- деди Өмүрбек Карабагышов.
Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылына тиешелүү 6 508 га жайыт жерлери бар. Алардын ичинен сырткы жайыт 2910 га түзөт. Казан-Куйган айылынан Солтон Сары жайлоосуна быйылкы жылы 13 үй- бүлө көчүп барып жайлап келишкен.
Алмазбекова Акылай, Куткелди Жаныбеков