Баетов айылында жайыт акы бир бодо мал үчүн бир жылга 70 сом, майда жандыктарга (кой-эчки) 14 сомдон төлөнөт. Ал эми алардын төлү үчүн төлөнбөйт (тай, козу, улак). Адатта мал ээлери, бадачылар жайыт акыны январь айынан баштап эле төлөө зарыл. Анткени түшкөн каражатка жаз келери менен көчүп-конуучу жолдорду оңдоо иштери башталат. Быйыл жайыт комитети 2022-жылды бир тыйын каражаты жок баштаган.
Баетов айылдык жайыт комитетинин төрагасы Медербек Асаналы уулунун айтканына караганда колунда бар, оокаттуу адамдар төлөөгө келгенде бодо малдын так санын жашырып коюшат.
«Жайында жайлоого барып бадачылар менен келишим түзөбүз. Айрымдар келишимде бодо малдын так санын көрсөтүшпөйт. Мисалы 20 жылкысы бар болсо, 10 деп көрсөтүп коюшат. Биз канча бодо бар экенин билгенибиз менен далилдей албайбыз. Анткени алар жайытта болот. Ал эми майда жандыкты короодон санасак болот. Албетте төлөбөй койбойт, кеч болсо дагы төлөшөт. Бирок олуттуу мамиле жасашпайт. Кээде эртең менен жасалган жолду кечинде суу алып кетет. Ушу сыяктуу жумуштарды убагында жасоо үчүн каражат зарыл болот»,- дейт.
Жайыт акы чогулгуча унаа тетиктери, күйүүчү май өңдүү муктаждыктарды чечүү үчүн жүктөгүч техниканын кызмат акысынан түшкөн каражатты пайдаланышат. Быйыл жайыт акы үчүн 500миң сом чогултуу керек болсо, ал ашыгы менен аткарылган.
Барчын Мамытбекова