Учурда эл арасында насыя алайын десем кара тизмеге түшүп калыпмын, насыя тарыхың таза эмес дешти, ала албай калдым деген пикирлерди кездештиребиз. Бирок анын эмне экендигин билгенибиз менен маани деле бербейбиз. Айыл банк ачык акционердик коомунун Акталаа регионалдык бөлүмүнүн менеджери Жаңыл Мамытбекова насыя тарыхы тууралуу айтып берди.
«Насыя алам деп билдирме калтырган кардардын жеке маалыматтарын киргизебиз. Ал базадан насыянын төлөмдөрү, кайдан, канча насыя алган-бардык маалыматтарды алабыз. Насыяны кандай төлөп жаткандыгына карай баа берилип турат. Ошентип базада кардардык насыялык тарыхы түзүлөт. Эгер кардар насыяны убагында төлөгөн болсо төмөнкү же орто тобокелдик, ал эми төлөбөй, же кечиктирип төлөгөн болсо жогорку тобокелдик деп чыгарып берет. Анда кардарды насыя алуучулардын тизмесинен чыгарып коебуз, алууга мүмкүн болбой калат».
Кардардын насыялык тарыхы “Ишеним” насыя бюросу тарабынан жазылат жана аны тазалоого же бурмалоого мүмкүн эмес. Насыя тарыхы бузулган кардар эл арасында айтылган кара тизмеге түшүп, кайра насыя ала албайт. Анткени банк бюронун ишине кийлигише албайт дейт Жаңыл Мамытбекова.
«Насыя берүүчү бюронун ишине кийлигише албайбыз. Алар кандай документ чыгарып берсе кардар менен ошого жараша иш алып барабыз. Ошон үчүн ар бир насыя алган адам убагында төгүп туруш керек. Биз эл арасында айтылып жүргөндөй кара тизмеге киргиз же чыгар деп айта албайбыз. Банктык түшүнүктө кара тизме деген атайын аныкталган тизме жок»,- деди.
Насыя алган жарандар аны келишимде көрсөтүлгөндөй мөөнөттө убагында төгүү менен насыя тарыхын бузбай таза сактай алышат. Жаңыл Мамытбекова келишимди аткаруу, максаттуу пайдалануу кардардын жоопкерчилигине байланыштуу экендигин айтты.
«Кардар насыя алып жатканда келишимди так аткаруу, насыяны максаттуу пайдалануу, убагында төлөмдөрдү төлөө боюнча түшүндүрөбүз. Эгер убагында төгүп турбасаныз насыя тархыңыз бузулат. Анда сиз башка жактан дагы насыя ала албай каласыз деп түшүндүрөбүз»
Жаңыл Мамытбекова эгерде кардарда өзүнөн көз каранды болбогон жагдай (форс мажорная ситуация) болсо, анда насыя алган банкка кагаз жүзүндө кайрылуу керектигин кошумчалады. Убагында берилген маалымат кардардын насыя тарыхын бузулуп калбоосуна мүмкүндүк берет.
Барчын Мамытбекова