Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айылында чөөлөр абдан көбөйүп, айыл аралап кире башташты.
Айылга кирген чөөлөргө тузак коюп же атып алышуудаАйылдын тургуну Таалай Мурзабекова чөөлөр огороддо эле чурулдап жүргөнүн, акыркы эки айдан бери абдан көп болуп жатканын айтты.
“Эртен менен тан агарып келатканда катуу чурулдашат. Күүгүм киргенден баштап эле ызы-чуу боло башташат, ыйлагандай үн чыгарышат. Кеч киргенде эле такыр эшикке чыкпай калдык, кичине балдар болсо ойнобой калды. Терезенин түбүнөн кыйкыргандай угулат. Коркобуз. Көрүстөндөр жакка төлдөгөн окшойт деп жатышат”,- деди.
Чөө кармоо үчүн тордун ичине эчкинин өлүгү салынган
Ал эми Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайберген Русланов: “Быйыл чөө көп. Айыл өкмөттө бул боюнча атайын буйрук чыгарып мергенчилер менен бирге иш алып барып жатабыз. Күндө кечинде ууга чыгабыз. Мергенчиге жардам берип тузак койдук. Атайын тор жасап ичине эчкинин өлүгүн салып, ошого айланчыктап келгенде атып жатабыз”,- дейт.
Барчын Мамытбекова