Мал киндиктүү Нарын жергесинде акыркы үч жылдан бери жайыт маселеси курч болуп келет. Анткени жыл сайын малдын саны өсүп, жайыттардын аянты барган сайын тарып барат. Мындан улам жайыттагы тоют сыйымдуулугун жоготууда.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, акыркы беш жылга салыштырмалуу жайыт жерлер 2020-жылы 25 миң гектарга кыскарган.

Кум-Бел жайлоосу
25 жылдан бери жолдошу экө мал карап, тиричилик кылган Чолпон Абдраштова акыркы жылдары жайлоодо малдын саны көбөйүп, тоют дээрлик түгөнүп бара жататканын айтат. Ал Нарын районунун Жерге-Тал айылында жашап, жыл сайын жазында элдин малын чогултуп, Кум-Бел жайлоосуна чыгышат.

Кум-Бел жайлоосу
«Айылда жумуш аз болгондуктан, көпчүлүк эл мал кармашат. Малдын саны жылдан-жылга өсүп жатат. Жайлоодо болсо мурункудай жапжашыл болуп, адам боюндай өсүп турган чөп азыр жок. Жайыттар такыр болуп, жылдан- жылга чөптүн түрү дагы азайып жатат. Биз жылда улам жакыныраак жерге чыгып, мал тойбой калганын көргөндө улам жогорулай беребиз. Чөптүн башы чыкканда эле мал жеп кетет», — дейт ал.

Кум-Бел жайлоосу
Ошондой эле, Абдрашитова айылдын малчыларынан тышкары Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнөн дагы малчылар келип жайлашарын белгиледи. Анын айтымында, Кум-Бел жайлоосунда алтын кенин казган «АТ Минералз» жоопкерчилиги чектелген коому иштетип келет. Абдрашитова аталган компания дагы жерди тарытып жатканын билдирди.
Сөз болуп жаткан Кум-Бел жайлоосу 958-жылы СССР учурунда 6 миң гектардан ашуун жер Кочкор районунун малчыларына узак мөөнөткө пайдаланууга берилип, 2019-жылы пайдалануунун мөөнөтү 2030-жылга чейин узатртылган.
Мындан улам, Жерге-Тал айылынын чабандары нааразы болуп, жайлоого барчу жолду тосушкан. Бийлик өкүлдөрүнүн кийлигишүүсү менен Ак-Кыя айылынан «эки короо кой жайлоого чыгат» деп үч тараптуу келишим түзүлгөн.

Чабандар
«Мурда Кум-Бел жайлоосун эки айылдын чабандары талашып отуруп, 2021-жылы гана тынчыдык. Бирок ошентсе дагы малдын саны көп болуп мал күзүндө жакшы семирбей калып жатат. Былтыр мал арык болуп, ооруп, өлгөн дагы учурлар катталды. Бул бизге эле ашыкча чыгым болду. Себеби жайлоодо чөп аз, бир жагынан компания жайыттарды талкалап келе жатат. Карапайым элдин колунан эч нерсе келбей калды. Бизди алыскы Ак-Сай жайлоосуна баргыла дешет, ал жакка барыш үчүн аябай көп чыгым тартат экенбиз. Биздин айылга алыс болуп калат. Мисалы, биздин үй-бүлө ал жайлоого бара албайбыз. Ал жакка барыш үчүн койлорду төрт күн айдап барыш керек. Анан жүктөрдү алып барганга эле канча акча кетет? Быйыл деле Кум-Бел жайлоосунда чөп аз болсо деле ал жакка барууга аргасызбыз», — дейт ал.

Кум-Бел жайлоосу
Ушундай эле маселени Кубан Исак уулу дагы көтөрдү. Ал 10 жылдан бери элдин малын чогултуп Арпа жайлоосуна чыгат. Анын айтымында, Арпада чөп жакшы чыкпай, былтыр кой-эчкиси жакшы семирбей калган. Натыйжада мал ээлери, малдар эттенбей түшүптүр деген нааразычылыктарын билдиришкен.

Арпа жайлоосу
«Чынында жайлоолордун сапаты жылдан-жылга начарлап баратат. Былтыр 600 кой-эчки чогултуп алып чыккам. Жайлоодон биздикинен башка дагы кой-эчки абдан көп экен. Улам башкалардыкына дагы кошулуп кетип абдан жүдөгөнбүз. Мал дагы арык түштү. Чөп аябай аз болду. Күзүндө айрым мал ээлери “малыбыз жакшы семирбептир” деп акчаларын толук бербегендер дагы болду. Быйыл эми былтыркыга салыштырмалу азыраак кой-эчки алып чыктым. Быйыл деле жайлоонун сапаты ошол боюнча», — деди ал.

Арпа жайлоосу
Ал эми бийлик өкүлдөрү жайыттар боюнча маселени чечүү үчүн көп жумуштар пландалып жатканын билдиришүүдө. Мал чарба жана жайыт департаменинин башчысы Жаныбек Керималиевдин айтымында, такырайып калган жайыттарга мараторий киргизүү [эс алдыруу] маселеси каралып жатат.

Статистикалык маалыматтагы көрсөткүч каттоого алынган малдын гана саны. Ал эми каттоого алынбаган малдын саны миңдеп саналат.
«Мурда жайыт талаш деген маселе жаралчу, азыр алардын баары чечилип, элге туура түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Өзгөчө бул маселе Нарын облусунда курч болчу. Облустук деңгээлде комиссия түзүлүлүп, маселе чечилди. Айрым жайыттарга мараторий жарыялаш керек деп айтылып келет. Негизи канча жерге мараторий жарыялаш керек деген чечим чыккан. Учурда бул боюнча иштер жүрүп жатат», — деди ал.

Жаныбек Керималиев
Ошондой эле, ал азыркы учурда жайыт боюнча өтө чоң көйгөй жок экенин баса белгиледи.
«Ошол эле учурда жайыттардын сапатын оңдоо боюнча дагы пландар иштелип жатат. Ошонун негизинде Айыл чарба министрлигинин алдында Илим изилдөө жайыт институту бар. Ошол институт менен биргеликте иштер жүрүп жатат. Азыркы учурда Орусиядан миң килограмм жайыттын уруктары алынып, институттун жерлерине себилди. Эми күзүндө анын түшүмүн алабыз. Түшүм алгандан кийин улам-улам уруктарды көбөйтүп жайыттарга себип баштайбыз», — деди ал.
Ал эми Айыл чарба багытында көп жылдык тажрыйбасы бар эксперт Качкынбай Кадыркулов коомчулуктун кайдыгерлигинен жайыттардын сапаты кетип жатканын айтат. Ал жайыттарда курттар көбөйүп жатканын да белгиледи.

Качкынбай Кадыркулов
Ошондой эле, ал малдын көбөйүшү жайыттардын сапатын төмөдөтөт деген пикирде.

«Жайыттарды көп жыл изилдедим. Жылдан жылга жайыттарда чөп азайып, такырайып баратканы байкалат. Бул абдан коркунучтуу. Анткени малдын башынын саны көбөйүп жатат. Малдын дагы сапаты төмөндөйт. Андыктан биринчи кезекте жайыттарга жакшы көңул бөлүшүбүз керек. Жазгы жайыттарда курттар көбөйүп жатат. Мал ошондон дагы ооруйт. Анан чабандар дагы жайыт жерлерди туура пайдаланбай жатат. Жазгы, жайкы жана кышкы жайыт болуп бөлүнөт да. Булар көчкөндөн ээринип бир жерде эле кечке отурукташып, керек болсо сарайларды салып жатышат. Албетте бул өздөрүнө эле жаман. Бийлик мындайга чара көрүш керек», — дейт Кадыркулов.

Кадыркулов кой-эчкинин санын азайтып, асыл тукум малдын санын көбөйтүү керектигин дагы белгиледи. Анткени майда жандыкка караганда асыл тукум мал көбүрөөк пайда алып келет жана жайыттардын сапатын көтөргөнгө дагы жакшы.

«Кыргызстанда акыркы жылдары малдын башынын саны абдан көбөйдү. Албетте бул бир жагынан жакшы, бир жагынан жаман. Жайыттарда чөп азайып атат. Айрым жайыттарга мараторий киргизиш керек. Мисалы, кой-эчкинин саны көп, алар канчалык көп болсо сүрмө топ болуп жакшы семирбейт. Малдын дагы санына эмес сапатына көңүл буруу керек. Кой-эчкинин санын азайтып, асыл тукум малга өтсөк, жайыттардын сапатын жакшы көтөрүп алабыз», — дейт ал.
Ошондой, эле ал Кыргызстан менен Англиянын жайыттарын салыштырып, алар колдонгон ыкмага өтүү керектигин сунуштады.
«Мисалы мен жайыттар боюнча көп өлкөнү кыдыргам. Баарынан дагы Англия колдонгон ыкма аябай жаккан. Балким муну биз дагы киргизсек утабыз деген ойдомун. Ал жакта ооруган малды карантинге алып, жайытка чыгарбайт экен. Анан мал базарга алып барган мал эгер өтпөй калса цехтерге же фирмаларга сатышат. Аны кайра үйүнө алып барганга болбойт же сатыш керек, өтпөй калса фирмаларга баасынан бир аз түшүрүп ошолорго беришет. Жайыттарды дагы туура пайдаланышат. Жазында жазгы жайлоого чыгышат, жайында дагы башка жакка көчүшөт. Эгер убагында көчпөгөндөр болсо аларга мыйзам боюнча чара көрүлөт. Анан эс алдырып, урук сээп коюшат», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Кум-Бел жайлоосу
Кыргыз жайыты Улуттук ассоциациясынын жетекчиси Абдималик Эгембердиев жайыттардын сапаты жылдагыга салыштырмалуу быйыл жакшы экенин белгиледи.
Ал быйыл аймактарда жаан-чачын көп жаагандыктан жайыттарга жакшы таасир бергенин айтат.
«Быйыл жайыттардын сапаты бир аз да болсо жакшы. Чөп жылдыгыга салыштырмалуу жакшы көтөрүлдү. Негизи жайыттарды туура пайдалансак, сапаты жакшы эле болмок. Тилекке каршы малдын саны өтө көп. Статистикалык маалыматтагы сандан дагы өтө көп. Анткени тургундар малын толук каттатпай коёт. Эгерде жайыт комитетти ар бир короого кирип, санап чыкса ошондо малдын так саны билинет. Бирок антип кирип санаганга мыйзам жол бербейт. Бул да болсо жайыттардын сапатынын төмөндөшүнө жол берет», — деди ал.

Абдималик Эгембердиев
Ошондой эле, ал бири-бирине карама каршы келген мыйзамдарды тууралап чыгуу керектигин белгиледи.
«Айрым учурда жолдун боюндагы жайт жерлерге кымыз, сүт сатабыз деп көчпөй туруп алышат. Бул дагы болсо жакынкы жайыттардын сапатын начарлатат. Жайыттарды убагында эс алдырып туруу керек. Ал үчүн мыйзамды бири-бирине каршы келген жерлерин тууралап, жакшы иштетиш керек», — деди ал.
Эксперменттик изилдөө

Жайыттарды коруу
2020-жылы Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтү «Кыргыз Илимдер изилдөө институту» менен биргеликте эксперменттик изилдөө жүргүзүшкөн.
Анда Кызарт жана Соң-Көл жайлоосунун бир канча бөлүгү тосулуп, уруктар себилген.

Урук себүү
«Изилдөөнүн негизинде Соң-Көл жайлоосунун бир канча бөлүгүнүн чөбү “уулу” деп табылды. Ошол жерлер тосулуп, уруктар себилди. Эгер жыйынтык жакшы болсо дагы уруктарды көбүрөөк себебиз. Анан 2019-2020-жылы Кызарт жайлоосун дагы тосуп, ал жакка дагы уруктарды сепкенбиз. Жыйынтык аябай эле жакшы болууда. Быйыл дагы көрөбүз», — деди Чолпон айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Тунукбек Токтомушов.

Кызарт жайлоосу
Анын айтымында, жайыттардын сапатын жакшыртуу үчүн дагы үч долбоор менен иштешип атканын белгиледи.
Эл аралык тажрыйба
CAMP alatoo коомдук фондунун адистери Кыргызстандагы жайыттарды пайдалануу жана чет элдик тажрыйба боюнча иш алып барышат.
Ишмердүүлүктүн негизги иш ыргагында жайыттар боюнча атайын изилдөө жургүзүп көрүшкөн. Изилдөөнүн жыйынтыгындагы маалыматка ылайык, жайыт боюнча эң көйгөйлүү маселе Нарын облусунда экени аныкталган. Себеби Нарында малдын саны өсүп, жайыт маселеси курчуган.
Ушундай эле маселе 1990-жылдары Монголия, Израил, Швейцарияда дагы болгон.

Израиль жайлоосу
Монголияда жайыттарды туура эмес пайдалануу жана кен байлыктарды баш аламан казуунун себептеринен бардык жайыт чарбаларынын 70% зыянга учураган. Мындан улам, Монголиянын башкаруу системасында жайыттарды рационалдуу пайдалануу боюнча бирдиктүү мамлекеттик чечим кабыл алынып, жайыт ресурстарын пайдалануу боюнча жаңы механизмдерди иштеп чыгып маселе оң жагына чечилген.
Швейцарияда мамлекетте жайыт проблемалары көбүнчө экономикалык жана социалдык мүнөздө, биздин өлкөгө салыштырмалуу жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча проблемалар жок. Ал мамлекетте жайыт аянттары аз болсо да, андан сапаттуу айыл чарба продукциясы өндүрүлөт, себеби жайыттарды башкаруу системасы жөнгө салынган.

Себеби ал жакта жайыт боюнча мыйзамдар катуу иштегендиктен фермерлер жайыттарды туура пайдаланып, жайыт жерлерди убагында эс алдырып турушат. Ал эми Израилде дагы ушул ыкма колдонулат.
Автор: Дилде Шатанва
Сүрөттөрдүн автору: Найзабек Мукамбетов, Дилде Шатанова, Перизат Таштанова