Акталаада кыз-келиндер арасында спорттук оюндар байма-бай өткөрүлүп келүүдө. Тактап айтканда ай сайын аялдар арасында волейбол, аркан тартыш боюнча шерине оюн өткөрүлүп турат. Кезектеги оюнду жеңген командалар уюштурат.
Аркан тартыш оюну учурунда
Бул жолу Калый Молдобасанов атындагы орто мектеби уюштуруп, 8 команданын кы-келиндери жакшы оюн көрсөтүштү.
Аялдар кеңешинин командасы ойноодо
Мурзабек Балбаков атындагы мектептин командасы
«Тынчтык» балдар бакчасынын командасы
Ак-Талаа райондук спорт инструктору Улан Доктурбек уулунун айтканына караганда негизинен мелдешке билим берүү мекемелеринде иштеген мугалим эжелер жана аялдар кеңешинин өкүлдөрү катышат.
«Жолдун алыстыгына карабай келип, мелдешке дайыма катышып турган эжелерибиз бар. Мугалимдерден башка мекемелерден дагы оюнчулар келишет, бирок чанда. Өз ара уюшуп алып, ушундай оюндарга келип турушса жакшы эле болот. Спорт ден-соолук жана сергек жашоого жардам берет»,- дейт. Ал эми аялдар кеңешинин мүчөсү Айнура Султанмуратова:
Айнура Султанмуратова аялдар кеңешинин мүчөсү жеңүүчүлөрдү сыйлоо учурунда (ондон биринчи)
«7-класстан бери эле спортко аралашып келатам. Шахмат дагы ойнойм. Эмнеге экенин билбейм, бирок волейбол менен шахматка аябай кызыгам. Кайсы жерде оюн болорун уксам эле жөнөйм. Ойногондон кадимкидей эс алам. Кыз-келиндерди ойногула, спортту жашооңордун бир бөлүгү кылып кабылдагыла дейт элем»,- дейт.
Оюндун жыйынтыгында волейбол боюнча Ж.Сатылганов мектебинин командасы 1-орун, 3-орунду аялдар кеңеши жеңип алган. Ал эми 2-орунду камсыз кылган Мурзабек Балбаков мектебинин командасы кийинки оюнду уюштурат. Мектеп директору Азамат Дөөлөтбековдун маалыматына таянсак мугалимдер сабактан кийинки бош учурларда топ ойношот. Бул ден-соолукту чыңдоого жана спортко болгон кызыгууну арттырат.
Аркан тартыш боюнча «Тынчтык» балдар бакчасы, аялдар кеңеши жана К. Молдобасанов мектебинин командалары камсыз кылышты.
Волейбол жана аркан тартыш боюнча жеңген командаларга грамоталар тапшырылды.
Барчын Мамытбекова