Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Нарбото жаңы конушунда социалдык объектилердин (ФАП, окуу борбору, намазкана) курулушу аяктап, ишке берилди. Курулуш “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен каржыланды. Жалпы сметалык наркы 4 900 000сомду түздү.
Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Нарбото жаңы конушунда социалдык объектилердин курулушу айыл тургундарын кубандырды. Курулуш «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен ишке ашты.
Айыл аксакалдарынын айтуусу боюнча: «Ден соолугун бекемдөө үчүн же дарылануу үчүн келген жарандарыбыз үчүн абдан жакшы шарт түзүлдү. Эми бейтаптар өздөрүнүн ибадаттарын дагы кылып, Алла Тааладан шыпаа тилеп, намаздарын калтырбай окуп турушат»,-дешет.
Ал эми жергиликтүү айыл тургундары намазкананын ачылышы менен коом оңолуп, жаштар ыймандуу болуп, ар кандай жаман жолдордон алыс болушса деген изги тилектерин билдиришти.
Айрым маалыматтарга караганда: “Ассанабил” ККФ 2004-жылы Кыргызстанда негизделип, калктын социалдык муктаждыктарын жеңилдетүү максатында бир топ долбоорлордун үстүндө иш алып барышууда. Медициналык долбоорлордон сырткары 36 мектеп куруп, жетим балдарга ай сайын жөлөк пул жана кийим-кече таратат. Ошол эле учурда жакыр жашаган үй-бүлөлөргө тамак-аш азыктарын дагы кайрымдуулук жаатында берип келишет.
Турсун Омуралиева