Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылында өлкө башчысы Садыр Жапаровдун колдоосу менен жаңы мечиттин курулушу жүрүп жатат. Белгилүү болгондой, буга чейин өлкө башчысы Садыр Жапаров Ак-Талаа районуна иш сапары менен келген учурда Кош-Дөбө айылынын тургуну Азамат Муратбек уулу айылдагы мурдагы мечиттин жараксыз абалга келип калгандыгын айтып, анын ордуна жаңы мечит куруп берүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

Аталган өтүнүч колдоого алынып, учурда айылда жаңы мечиттин курулуш иштери кызуу жүрүүдө.
Кош-Дөбө айылынын тургуну Азамат Муратбек уулунун айтымында, мечит куруу үчүн жергиликтүү тургундар тарабынан да демилге көтөрүлүп, каражат топтолгон.
«Районубузга өлкө башчысы Садыр Нургожоевич келген учурда айылга жаңы мечит куруу зарылдыгын айтып, өтүнүч менен кайрылганбыз. Өтүнүчүбүз орундалып, учурда мечиттин курулуш иштери жүрүп жатат.
Мечит куруу үчүн жер сатып алууга жергиликтүү тургундар тарабынан каражат топтолду. Тактап айтканда, 1970-жылы туулган муундан тартып 2005-жылы туулган муунга чейинки ар бир муундун өкүлдөрү 50 миң сомдон акча топтоп, жеке адамга тиешелүү 26 сотых жер аянтын сатып беришти.
Учурда мечиттин пайдубалы түптөлүп, дубалдары көтөрүлдү. Курулуш иштери улантылып жатат», — деди Азамат Муратбек уулу.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова