Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинде мектептин музыка мугалими, бий ийриминин жетекчиси, Эл агартуунун мыктысы, Баетов айылынын Ардактуу атуулу Эльмира Абдрахманованын ысымын алып жүргөн автордук бий кабинети салтанаттуу түрдө ачылды.

Иш-чарага ардагер мугалимдер, мектептин кесиптештери, классташтары, ага-туугандары, ошондой эле Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Сыдыков катышты.



Салтанатты мектеп директору А.Токтогулова ачып, Эльмира Абдрахманованын мугалимдик кесиптеги үзүрлүү эмгегине, бий өнөрүнө кошкон салымына, окуучуларынын жетишкендиктерине жана кесиптештеринин арасындагы кадыр-баркына кеңири токтолду.



Автордук кабинетке Э.Абдрахманова тарабынан жалюзи, шкаф, таянгыч жана башка керектүү жабдыктар алынып берилди.
Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө кесиптештери, шакирттери жана жакындары Эльмира Абдрахманованы жаңы автордук кабинеттин ачылышы менен куттуктап, анын эмгеги жаш муундарды тарбиялоодо өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти.
Эльмира Абдрахманова 1965-жылы Баетов айылында туулган. 1986-жылы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун аяктаган. 1986-жылы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектепте эмгек жолун баштап, ушул күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келет. (Ал кезде М.В.Ломоносов) Мектепте окуучуларга бий өнөрүнүн сырларын үйрөтүп, таланттуу жаштарды тарбиялап, алардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошуп келет.
Өзүнүн эмгек жолунда бир нече сыйлыктардын ээси болгон.
Өмүрлүк жолдошу — Баратажиев Абдыкадыр, ушул эле мектепте дене тарбия (физкультура) сабагынын мугалими. Жубайлар 3 уул, 1 кыздын ата-энеси.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова