Айрым бүтүрүүчүлөр кайсы кесиптин ээси болууну тандап койсо, кээ бири дагы деле кайсы адистикке барарын ойлонуп жүрөт. Бул ата-энелерди дагы ойго салат. Кесип тандоо келечекти тандоо. Алдыда учурда талап кылынган кесиптер туурасында айтып, кесип тандоодо эмнелерди эске алуу керектигине токтолобуз.
Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова кесип тандоодон мурун ар бир бүтүрүүчү өзүн таануусу керек. Өзүнүн жүрөгү, каалоосу менен тандаганда гана ийгиликке жетет:
“Туура өзүнө жаккан кесип тандоо бул сенин келечегиңди тандоо. Кесип менен кошо адам өз келечегин тандай алат. Себеби өзүнө жакпаган жумушту тандап алса анын майын чыгар албайт, ийгиликке жетүүгө мүмкүн болбойт. Ошондуктан ар бир бүтүрүүчү өзүнө жаккан кесибин тандоо бул бактылуулук деп айтсам болот.”
Кайсы окууга өтсөң ошон бүтүрүшүң керек деген туура эмес
— Кээ бир учурларда ар кандай шарттардан улам бала туура эмес, өзүнө жакпаган адистикке тапшырып окуп калышы мүмкүн. Ошол учурда ата-энелер эгер балаңыз мага бул кесип жакпай калды окубайм деп айтса “Эл эмне дейт?-окууну аякта деп таңуулаган туура эмес. Мындай учурда балаңыздын убактысын текке кетирген болосуз. Ушундай окуя болсо түшүнүү менен мамиле жасап башка адистикке которулуу жолдорун карап көргүлө.
Кыргызстанда жок кесипти дагы тандаса болот
— Азыр интернеттин заманы интернеттин алаамы көп мүмкүнчүлүктөрдү берди. Эгер балаңыз мурда сизге тааныш эмес биздин өлкөдө жок кесипти айтса ага каршы болуунун кереги жок. Чет өлкөгө барып билим алып келсин. Киийин баоким 5-6 жылдан кийин андай кесип бизге деле жетиши толук мүмкүн. Себеби ар бир замандын өзүнүн кесиби бар. Азыр Кыргызстанда отуруп чет өлкөлүк ишканаларда келишим түзүп иштесе дагы болот. Сөзсүз эле жогорку билимдин ээс болуш керек эмес. Баланын каалоосуна жана жөндөмүнө жараша тандаш керек. Учурда көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар кыса убакта кесиптерди жакындан таанып аралашып көргөн дагы жакшы. ”
Метаааламда суроо-талапка ээ боло турган турган 8 адистик:
Виртуалдык буюмдарды ойлоп табуучу.
Келечекте көптөгөн дизайнерлер жана студиялар өз буюмдарын метаааламда жаратышат.
Виртуалдык сүрөтчүлөр
Музыканттар, ди-джейлер, куудулдар жана башкалар – оюн-зоок контентин түзүүгө катышкан ар бир адам бул жерден өз ордун табат.Сахнаны заматта өзгөртүп же космоско учуруп жибергендей эффекттерди жаратып ар кандай иш-чараларды өзгөчөлөнтүшөт.
Санариптик маркетологдор
Metaаалам- көптөгөн бренддер кирүүнү көздөгөн жаңы рынок. Жакында эле Coca-Cola, Gucci, Adidas, Nike өз бренддеринин виртуалдык долбоорлорун түзүп, санариптик реалдуулукта алдыга жылдырып баштады.
Иш-чаранын уюштуруучусу
Метаааламда белгилүү артисттердин концерттери жана спектаклдери барган сайын көбөйүүдө,келечекте абдан актуалдуу болот.
Виртуалдык юристтер
Бул кесип да улам күч алууда. Виртуалдык дүйнөдө келишимдерди виртуалдык юристтердин жардамы менен түзүлөт.
VR туристтик гид
Метаааламды жакшы билген адистер санариптик дүйнөнүн кооз жерлерин көрсөтүү менен суроо талапка ээ болгон кесипти аркалай алышат.
Санариптик инженерлер
Виртуалдык реалдуулукта инженердик билими бар адистер күн сайын пайда болгон жаңы платформаларды иштеп чыга алышат.
Кибер коопсуздук боюнча эксперт
Жеке маалыматтарды коргоо үчүн тутумдун кемчиликтерин аныктап, аларды жоюп, маалыматтын агып кетишинин алдын алган адистер керек болот.
Кесиптердин тизмеси Салтанат Адылбектин фейсбук баракчасынан алынды.
Кесип тандоо боюнча бул материалдарды дагы сунуштайбыз:
Кесип тандоодо эмнеге көңүл буруу керек?
Кесип тандоодон адашып калбоо үчүн ыкмаларды билип алыңыз
Сиз балаңыздын кесип тандоосуна кантип жардам бере аласыз?
Бүтүрүүчүлөр үчүн тест: Мага кандай кесип туура келет?
Айгерим Кубатбекова