31-майда Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин жогорку классынын окуучуларына «Жайытты туура пайдалануу жана сактоо» деген темада тренинг болуп өттү.
Тренингди Чолпон айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Тунукбек Токтомушев өтүп, жаш муундарга жайытты туура пайдалануу боюнча кызыктуу жана пайдалуу маалымат берди. Слайд аркылуу Чолпон айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин аткарган иштери тууралуу айтып берди.

Чолпон айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы- Тунукбек Токтомушев
Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Тунукбек Токтомушев бүгүнкү окутуу тууралуу буларга токтолду:
«Азыркы учурда «ИСУР» коомдук фондусунун колдоосу менен эки айыл өкмөтүнө окуу өтүп жатабыз. Биринчиси Ак-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектеби. Тренингде өсүп келе жаткан муунга жайытты кантип туура пайдалануу, ортоңку жана алыскы жайыттарды сактоо, жайыттардын сыйымдуулугун жоготпоо, жайыттарды сактап калыш үчүн малдын санын азайтып, сапатына маани берүү керектиги жөнүндө айтылды. Мындан тышкары окуучуларга жаратылышка аяр мамиле жасап, экологиялык көйгөйлөрдү бирге чечүүгө чакырык жасадык».

Тренингдин катышуучусу- Айназик Эстебесова
Ал эми мектептин 8-классынын окуучусу Айназик Эстебесова тренингден кийинки алган таасирлери менен мындайча бөлүштү:
«Мен бүгүнкү окутуудан өзүмө көптөгөн пайдалуу маалыматтарды ала алдым. Буга чейинки билбеген нерселерди үйрөндүм. Коомдук жайларда, жаратылышка эс алууга чыкканда таштанды таштабай, тазалап кетүү керектигин билдим. Жайыттарды кантип туура пайдаланыш керектиги жөнүндө маалымат алдым. Ата-энем жыл сайын жайлоого мал бакканы чыгышат. Аларга тренингден алган маалыматтарды сөзсүз жеткизем. Менден кичүү бөбөктөрүмө үлгү болом,- деп сөзүн аяктады Айназик».

Тренингди мектеп жетекчиси Болот Бообек уулу ачып берди

Тренер Тунукбек Токтомушев слайд аркылуу түшүндүрмө берүүдө

Окуучулар топко бөлүнүп иштешип көйгөйлөрдү аныктап чыгышты

Окуучулар аткарган иштерин жактап беришти

Тренингдин соңунда окуучулар менен кайтарым байланыш болду
Салкынай Максатбек кызы