Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде даярдоо классынын окуучуларынын арасында «Атам, апам жана мен» деп аталган спорттук таймаш болуп өттү.
Аты айтып тургандай бул таймашка окуучулардын ата-энелери да катышты. Спорттук таймаш кызуу атаандаштыкта жүрүп, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытты. Жаш жеткинчектер жана алардын ата-энелери абдан аракеттенишип, жеңишке жетүүгө аракет кылышты. Калыстардын баасы боюнча спорттук иш-чара жогорку деңгээлде өттү.
Жаңыл Биримкул кызы-башталгыч классынын мугалими
Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими, иш-чаранын уюштуруучусу Жаңылкан Биримкул кызы буларды айтып берди:
«1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «Атам, апам жана мен» деген эстафеталык оюн өткөзүп жатабыз. Спорт-бул ден-соолуктун булагы, спорт менен машыккан окуучунун дени сак жана сергек болот. Бул таймашка «Ынтымак», «Достук», «Алга», «Биримдик» командалары катышып, алар эки-экиден таймашышты. Жыйынтыгында 1-орунду «Алга» командасы багындырды. Ата-энелер жана окуучулар активдүү катышып, оюн кызыктуу өттү».
Жеңиш Ашымов-«Алга» командасынын катышуучусу, ата-эне
«Алга» командасынын катышуучусу Жеңиш Ашымов оюн тууралуу пикирин мындайча билдирди:
«Биздин балдардын класс жетекчиси Жаңыл Биримкуловна жакшы спорттук таймаш уюштуруптур. Оюн эң мыкты деңгээлде өттү деп баа берем. Жалпысынан төрт команда катышып, жыйынтыгында биздин команда жеңишке ээ болду. Учурдан пайдаланып жалпы ата-энелердин жана өзүмдүн атымдан Жаңыл Биримкуловнага ыраазычылык билдиребиз
Бөбөктөрдү ата-энелери кызуу колдоодо
Катышуучулар оюнга даяр турушат
Калыстар тобунун мүчөсү Кубанычбек Кадыров: «Бизге чечим чыгарыш оор болду, себеби бардыгы мыкты оюн көрсөтүштү»
Калыстар тобунун мүчөлөрү
Ата-энелер ортосундагы аркан тартыш
Оюндун аягында катышуучулар эстеликке сүрөткө түшүштү
Айжаркын Эркинбек кызы