«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу Нарын жана Ысык-Көл облустарынан келген лидер айымдар Ысык-Көлдө чогулушту. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар. Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.

Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.
Бүгүнкү эфирде «Үй-бүлөнүн өзөгү эмнеде?» деген тема талкууланат.
“Кыйындын” катышуучулары:
Майрамкүл Абдыкеримова — Ак-Суу районунун аялдар кеңешинин төрайымы;
Назира Жаныгулова — Ат-Башы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты.
Модераторлор:
Айнура Кабатай кызы — “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин социалдык илимдер факультетинин “Реклама жана коом менен байланыш” кафедрасынын башчысы, «Медиа Карьера» оратордук өнөр мектебинин негиздөөчүсү, филология илимдеринин кандидаты, доцент;
Кайыргүл Урумканова — журналист.