Кант шаарында мезгил-мезгили менен пайда болгон жагымсыз жыт жана түтүн тургундарды тынчсыздандырууда. Nevaket Media уюштурган түз эфирде шаар тургундары мэр Улан Майлибашевден абанын сапаты текшерилип жатабы жана жагымсыз жыттын булагы аныкталдыбы деп сурашты. Буга чейин да тургундар пластмасса же боёктун жытына окшош кескин жыт сезилип жатканын билдиришкен. Айрымдары анын булагы өнөр жай ишканалары болушу мүмкүн деген божомолдорун айтышкан.

Гагарин айылындагы таштанды полигону
Даярдаган: Венера Шонкоева