Nevaket Media уюштурган түз эфирде Кант шаарынын тургундары мэр Улан Майлибашевге шаардагы инфраструктуралык көйгөйлөр боюнча суроолорун түз берүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Алар тротуарлардын жоктугун, канализация тармагын кеңейтүүнү, №3 маршрутту Октябрь көчөсүнө кайтарууну жана короолордогу кооптуу дарактарды бутоо маселелерин көтөрүштү.


Даярдаган: Венера Шонкоева