«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу Нарын жана Ысык-Көл облустарынан келген лидер айымдар Ысык-Көлдө чогулушту.Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар. Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.

Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.
Бүгүнкү эфирде «Миграция үй-бүлө институтуна кандай таасир тийгизет?» деген тема талкууланат.
“Кыйындын” катышуучулары:
Нурбюбю Керимова — Балыкчы шаарындагы ден-соолук чыңдоо кабинетинин адиси, “Данко” коомдук фондунун өкүлү.
Саадат Абдиева — Түп районунун лидер айымдарынын төрайымы, Каркыра айыл аймагынын “Кызыл жарым ай” коомунун баштапкы уюмунун төрайымы;
Эльмира Шингибаева — Бала бакчада медайым.
Модератор: Кайыргүл Урумканова.