2026-жылдын 4-ноябрында Кочкор айылында Кочкор райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан бала багып алуучу үй-бүлөлөргө жана камкорчу ата-энелерге » Балдарды позитивдүү тарбиялоо» темасында окуу өткөрдү.

Окуунун максаты: жаш өспүрүмдөр арасындагы зомбулуктун алдын алуу жана ата-энелердин балдарга татыктуу тарбия, мээрим берүү жана түшүнүү менен мамиле түзүү темасында кеңири пикирлешүү болду. Ата-энелер тарабынан да бул иш-чара жакшы кабыл алынып, ой пикирлерин билдиришти.
Камкорчу ата-энелер үчүн балдарды позитивдүү тарбиялоодо баланын жеке-баркын сыйлоо менен бирге, аларды жоопкерчиликтүү жана өзүнө ишенген инсан кылып өстүрүүгө жардам берген негизги эрежелер менен таанышышты.
Катышуучулардын айтымында, мындай окуулар балага капыстан ачууланбай, сабырдуулук менен мамиле кылууга тарбиялайт. Башкармалыктын адистери белгилегендей, үй-бүлөдөгү туура тарбия- баланын келечекте кылмыштуулукка жана зомбулукка аралашып кетүүсүнүн алдын алат. Бул окутуулар туруктуу улантылат.
Сүрөт Кочкор райондук, эмгек ,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынан алынды
Даярдаган: Раяна Жумадилова