«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген лидер айымдар борбор калаада чогулушту. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат. Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.
Бүгүнкү эфирде «Балдардын тагдырына таасир эткен миграция» деген тема талкууланат.
“Кыйындын” катышуучулары:
Гульзат Сатибекова — Аскы районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты, соцпедагог;
Райкан Алымжан кызы — Н. Исанов атындыгы айылдык кеңештин жоопту катчысы;
Гулумкан Байышова — Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин депутаты, мугалим.