Кочкор районунун Лахол айылындагы Кылыч Рысмендеев орто мектебинде ата-эне менен баланын ортосундагы мамиленин алыстап бара жаткандыгына байланыштуу мектеп аралык сынак уюштурулду. Сынактын максаты ата-эне менен баланын ортосунагы мамилени бекемдеп, бош убактыларында китеп окууга калыптандыруу болгон. Таймаш жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү.
Бул долбоор 2022-жылдын январь айынан бери онлайн уюштурулуп өткөрүлүп келе жатат. Сынактын шарты боюнча ар бир топтон үчтөн энелер жети мүнөттүк сценка даярдашып аны чыгармачылык менен аткарып беришти жана ошондой эле өзгөчөлөнгөн чакан китеп жасашып аны жалпы катышуучулар алдында жактап беришти. Жыйынтыгында энелер менен балдардын биргелешип окуган китептери боюнча суроо-жооптор болду. Сынак калыс бааланып, жыйынтыгы канааттандыраалык болуп, мыкты катышуучулар сыйланды. Сынакты Кубанычбек Маматов жана Кенжегүл Усупбаева уюштуруп, алып барышты.

Сынакка 3-4-5-6-7-8-класстын окуучулары ата-энелер менен биргеликте катышышты

Ар бир топко 2ден үй тапшырма берилген

Жалпы 18 ата-эне катышышты

Сахнада эне-бала бирге роль ойношту

Активдүү апалар сертификат менен сыйланышты

1-орунду камсыз кылган «Бугу эне» тобу

Көз жоосун алган кийимдер чыгармачылык менен даярдалган

Ар бир тапшырма калыстар тобу тарабынан бааланып жатты

Сынакта улуттук кийимдерге басым көп жасалган

Беш айдын ичинде ар бир ата-эне дээрлик мыкты катышып турушкан

Жеңүүчүлөр мектеп директору тарабынан сыйланышты
Гулиза Кадырова, Бурул Майрамбек кызы