Баарыбызга белгилүү болгондой эле бала бакчалар май айына чейин эле иштеп келген, быйыл июнь айынын аягына чейин иштешет. Себеби, иш күндөр быйылкы жылы кеч башталган.
«Фаризат» бала бакчасынын директору Нурзат Исмаилова менен болгон маекте:
«Биздин балдар башка жылдары май айынын аягында тарап турушкан, быйыл болсо бир айга узартылды. Мурун окуу жылы 25-майда аяктаганда эле көпчүлүк ата-эне бошоп балдарын чыгарып алышаар эле, быйыл окуу жылы узарып жана үй шартында кийим тигүүчү ишканалар ачылгандыгына байланыштуу бул жерде ата-энеси иштеген балдар көп, андан сырткары жайлоого кетпеген ата-эненин балдары бар, биз ошолорду эске алып иштөө графигин тактап чыктык. Андан сырткары, бул иш күндөрдүн иштешине да жогору жактын буйругунун түзмө-түз тиешеси бар. Графиктин жылышы да жакшы болду дейм, балдар үчүн аба-ырайы да жылып, балдарды экология менен байланыштырып тарбиялоого мүмкүнчүлүктөр кеңейет».
«Бул графикке да ата-энелер каршы эмес. Биз бул жерде бир эле группа менен иштешибиз керек б.а. отуз бала менен, а бул жерде ата-энелер каршы болмок тургай кайра, балдарыбыз көп болуп эки группа калмай болду. Былтыр биз пандемияга байланыштуу көп убакытка иштебей калганбыз. Жай айында иштегенибиз ыңгайсыздык жаратпайт. Биз баарына дайым даярбыз», -дейт бала бакча директору.
«Фаризат» балдар бакчасынын тарбиячасы Индира Жеңишбекова:
«Бул графиктин түзүлгөнү бизге ыңгайсыздык кылбайт. Бала менен иштеген бизге аябай жагымдуу, июнь айында иштөөгө жакшы пландарды түзүп баштадык. Бул айды абдан жакшы жаңычылдык менен иштейбиз деген үмүтүбүз соң. Себеби, биз өз кесибибизди сүйүп эмгектенген тарбиячылардын бирибиз десем жаңылышпайм. Азыркы учурда 45тен ашуун бала тарбияланып жатат. Бизде негизи эки группа бар. Мен кенже тайпанын балдары менен иштейм», -дейт.
Адеми Ишенбекова, Камила Эркинбек, Умтулай Асанбекова