Төлөк айылынын тургундары дээрлик мал менен алектенишет. Кышкысын сырттан сатып келген тоют менен багышса, жаз, жай, күз айларында жайыттарды пайдаланышат. Андан сырткары, Кочкор районунун айрым айылдарынан акыга мал алып келишип, алты ай аларды багуу менен күн өткөрүшөт. Акыркы жылдары малдын көп келиши жайыттарды деградацияга учуратып, аны менен катар кышкыга жайыт жер тонолуп, айыл эли тоютту сатып алууда көп чыгымдарга учурашууда.
Айыл тургуну Төлөбек Султангазиев бир нече жылдан бери сырттан мал алып келип, аларды алты ай акыга багып берет.
“Мен малдын сырттан алып келип багып жатканымдын себеби, айыл ичиндеги малдар, ага-туугандарга берилип, бизге окшогон чабандарга ичтен мал калбай калат, анан сырттан алып келүүгө туура келет. Мурун кой алып келип бакчумун, анын чыгымы аябай көп болгондуктан акыркы жылдары уй алып келип бага баштадым. Бир жылда алты ай 60-70 уй алып келип багам. Айылда малды сырттан алып келип жаткандарынын бирден-бир себеби, Төлөктөгү малчылар башка айылдарга салыштырмалуу арзан багышат. Андыктан жайлоолорго сансыздаган мал батпай, жайытыбыз жабыркап барат.
Ошончо малдан түшкөн каражат көп көрүнүшү мүмкүн бирок, аны бир жылга эсептей келгенде, дээрлик жетпейт. Биринчиден, арзан багып, акча каражат жагынан чыгымга бир учурайбыз, экинчи жагынан көп мал алып келип, жайытты талкалап жатабыз, үчүнчүдөн сырттан келген мал алты ай жайытты талкалап туруп кетет, анан өзүбүздүн малга эч нерсе жок калат, айласыз тоютту эки эселеп, райондун айрым айылдарынан сатып келебиз. Өзүңөр билгендей бизде эч нерсе бышпай, өспөйт, анан алты ай баккан малдын акчасы тоютка эле кетет. Аны менен катар жоголгон мал болот, ооруп калган малдар болот алардын чыгымы да бир топ. Андан сырткары көчүү-конууда да бир топ акча каражаты кетет.
Мисалы, бизде табигый чөп чыккандыктан, аны биртке мал түшкөнчө деп чаап жыйнап алабыз, ал ашып кетсе бир айга жетет, анан калган айлар үчүн сырттан чөп жана жемден сатып келем. Буга кеткен акчалар алты ай баккан малдын эсебинен кетпейт, ал акчалар күнүмдүк азык-түлүк, кийим-кече жана башкаларга гана жетет, анан айла жок өз акчабызга тоют сатып келип даярдайбыз. Бул чоң көйгөй, мал баккандын азабы, чыгымы сөзсүз болот. Муну жазында мал келгиче пландап, калыпка салса болот”, -дейт.
Төлөбек Султангазиев көп жылдан бери сырттан мал алып келип багат
Анарбек Асыранкулов өзү жаш болсо да, айылдагы сырттан мал алып келип баккан чабандардын катарын толуктайт. Анын мал алып алыскы жайлоолорго чыга баштаганына бир аз гана убакыт болгон.
“Эл катары сырттан мал алып келип, Соң-Көл жайлоосуна жайлап келем. Апрель айынан октябрь айына чейин 70 бодо мал, 300гө жакын кой алып келип багам. Ошондо жылына 219 000 сом акча каражатын табам. Бирок мунун чыгашаларын эсептегенде, арпага, чөпкө-100 000сом кетирем, дары-дармекке, эмдөөгө- 12000сом сарпталат, калганы тамак-ашка, кийим-кечеге жб. жумшалат, анан бир көйгөй бар тобокелчилик деген, ал мал жоголот, өлөт жб. буга да чыгым кетет. Көбүнчө мал акысын күзүндө алам, түшкөн киреше-чыгашалар ошондо эсептелет. Чыгаша көзгө көрүнбөгөн менен көп болот, айрым малдар жоголот, ооруйт, өлөт, карышкыр тиет дегендей.
Акчабыз тамак-ашыбызга, кийим-кечебизге жетсин деп түйшүккө карабай көп мал алып келип багабыз.Тоютту өз сарайыман чаап алам, анан кошумча чөп жем сатып келем”,-дейт.
Жаш чабан Анарбек Асыранкулов
Төлөк айылында 61 чабан бар. Алар дээрлик сырттан мал алып келип багышат. Алардын алып келген малы жайыт гектарына туура келбейт, бул ашып кетет дегендик. Бул көрүнүштүн жыйынтыгы акыркы жылдары жайыт жерлердин такырайып, боз топуракка айланып жаткандыгында. Андыктан чакан мал менен оокат кылган айыл тургундарында нааразычылык курчуп турат.
Жерлердин такырайып бара жатышы
Айыл тургуну Азат Жекшенов:
“Сырттан малдарды алып келүү ченемсиз болууда, муну көзөмөлдөө жагы начар өндүү. Муну алып келген малды убагында жеткирбей, жайыттарды жедирип жибергенибизден байкасак болот. Анан жедирип жиберген соң, тоют даярдоодо сырттан сатып келип жаткандыгыбыз ушундан. Жайыт бул менчик эмес да баарыбыз бирдей пайдаланашыбыз керек.
Мисалы мен 1,5 гектар жерге чөп айдайм, аны күзүндө жыйнап алам, кышында жыйнаган тоютум жетет. Анткени сырттан мал алып келбейм. Бирок, малга ысык от керек болот, ошондо малдын жазга чыгышы кыйындайт. Талааларда от жок болсо, колго кармаганга туура келет. Чыгаша-киреше сөзсүз болот, бирок аны пландаганды билбей жатабыз, баарыбыз эле мал алып келсек жакшы акча тушөт деп ойлойбуз, бирок эч кимибиз тоют даярдоодо чоң чыгымга учурап жатканыбызды, жайыт деградацияга кабылып, бир нече жылдан кийин мал жайууга жайыт калбай калаарын ойлогон жокпуз”,-дейт.
Азат Жекшенов мал алып келүүнүн санын азайтуу керек дейт
“Соң-Көл” айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйүндүк Табылдиев “Жайыттарды рационалдуу пайдалануу боюнча өнүгүү-өсүү жакшы өнүкпөй келет”,-дейт.
“Төлөк айлынын калкы 90% мал чарбачылыгы менен алектенет. Анан эң негизги бизге киреше алып келген тармак бул жайыт болуп эсептелет. Ал 20 000 гектар жерди түзөт. Анын 14 000 гектары ички жайыттар, 6000 гектар алыскы жайлоолордогу жайыттар. Айылда 2500дин тегерегинде шартуу мал болсо, сырттан мындан эүч-төрт эсе мал алынып келинип, алты ай багылат. Бүгүнкү күндө жайыт-биздин келечегибиз экенин элдерге жеткирүү абдан чоң көйгөй же жумуш болуп бара жатат.
Мисалы, эл бекер жайыт колдонгусу келет, малдын санын жашырып салыкты аз төлөгүсү келет, бул тоготпостук деп билем. Жайытты биз рационалдуу өзүнүн тартиби менен колдонуп, анын сыйымдуулугун эсептөө менен иш кылсак, тоют даярдоодо оорчулук же чыгаша келбейт эле.
1шарттуу малдын башы 7,5 килограмм жайыттан тоют жейт, башкача айтканда 25килограмдык бир түп (пресс) чөп 12 малдын башына жетет. Ошондо 2500 шартту малга бир күнгө 18 750 кг чөп кетет, муну бүгүнкү баа менен эсептегенде 225 000 сомду түзөт, муну алты алты айга эсептегенде 40 500 000 сомду түзөт, муну жылга айлантканда 81 000 000 сомдун чөбүн сырттагы малга жедирип жиберип, өзүбүз кайра сырттан чөп сатып келе жатабыз, демек бул мал баккан акынын эсебинен ашып кетет дегендик.
Бул жерде чабандар чыгымын эсептебей күнүмдүк түшкөн акчаны эсептеп жатышат. Район ичинде жайыты кенен айыл болгону менен тоютту эң көп сатып алган айылга киребиз. Себеби, бизде пландаштыруу жок, бул жактан аябай аксап келебиз. Малды көп алып келип, киреше түшүп жатат дейбиз бирок, тоютту эсептей келгенде чыгымга гана учурап жатабыз. Тоютту көп алып жатканыбыз, жайытта чөп калбай калды дегендик. Эми жайытты жакшыртып, кирешени азайтып, тоютту кенен өзүбүздөн даярдаш үчүн:
-сырттан малды алып келүүнүн санын азайтуу керек;
-сырттан келген малды багуудагы акыны жогорулатуу керек;
ошондо, жайтыбыз жакшырат, чабандар мурункудай эле киреше табат, бирок тоютту аз даярдап, чыгымы азаят. Бул үчүн мал багуунун акысын тарификация кылып бекитишибиз керек”,-дейт.
Сүйүндүк Табылдиев айыл өкмөт башчы
Ар бир жайлоодо мал көп
Түшкөн киреше: 58 500 сом. Бирок бул акча 12 айга тамак-ашка, кийим-кечеге жетпейт. Мына ушуну чабандар эсептебей жатышат.
Жайытты сактап калуу жана тоютту чыгымы жок даярдоонун планы:
Алып келген малдын санын азайтуу жана баасын көтөрүү:
2022-жылы бир чабан 100 бодо малды 350 сомдон алып келип баккан болсо, 2023-жылы 50 бодо мал алып, анын баасын 700 сомго көтөрүү. 200 койду 40сомдон алып келип бакса, 2023-жылы 100кой алып келип, 80сомдон багуу. Бул дегендик мал канчалык аз болсо жайыт ошончо аз жабыркайт, жайыт жабыркабаса, тоюттун санын аз даярдап, акча каражат аз кетиребиз дегендик.
Бурул Майрамбек кызы