Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы №43-кесиптик лицей күнөсканаларда малга тоют даярдоо үчүн арпа өстүрүүнүн инновациялык ыкмасы колдонулууда. Бүгүнкү күндө фермерлер гидропоника ыкмасы аркылуу, малдын жогорку калориялуу тоютун даярдоо ыкмасы кеңири таралууда. №43-кесиптик лицейдеги «Айыл чарба өндүрүшүнүн усттаттары» кесибинин окуучулары үчүн, жашыл мал азыгын гидропоникалык өстүрүү технологиясы чыныгы ачылыш болууда.
Быйылкы жылы кесиптик лицейдин базасындагы күнөсканаларга арпадан гидропоникалык жол менен тоют даярдоо ыкмасын башташты. Гидропоника– бул сандык жана сапаттык жактан жогорку түшүмдү камсыз кылуучу жана концентрацияда азыктандыруучу заттарды камтыган өсүмдүктөрдү топураксыз өстүрүү ыкмасы.
Ал эми бул боюнча №43-кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев төмөндөгүлөрдү билдирди:
«Ар бир мал чарба ишканасы же жеке фермер малдын продуктуулугу жана ден соолугуна кам көрүү керек. Гидропоникалык мал азыгы барган сайын популярдуулукка ээ болууда. Бул табигый жашыл чөптү жеген малга аш болумдуу жана пайдалуу болот. Дан өсүмдүктөрүнүн үрөнүн (жүгөрү, арпа, буурчак, сулу, буудай) топураксыз жасалма шартта өндүрсө болот. Бул ыкмада даярдалган тоют малга толугу менен даны, сабагы, тамыры менен берилет. Мындай өстүрүүнүн негизги артыкчылыгына даяр биомасса пайдалуу».
Бул ишти баштоо идеясы менде көптөн бери пайда болгон. Биздин кесиптик лицейде чакан мал чарбасы бар. Биз бул ишти баштоо менен Жаңы-Жер айыл аймагында жашаган айыл тургундарына жаңылык кылууну чечтик. Аларга мал багуу үчүн жер жана тоют абдан жетишсиз. Малдын саны үчүн 10 эсе көп жайыт керек. Жайыттардын түшүмдүүлүгү төмөндөп, сугат суунун тартыштыгынан тоют өсүмдүктөрүн өстүрүүчү аянттар кыскарууда»
Мындай жол менен өстүрүлгөн гидропоникалык тоют малдын жалпы рационунун 100% эмес, анын бир кыйла бөлүгүн түзөт.Гидропоникалык жашыл тоют мал жандыктары үчүн пайдалуу жана сапаттуу болот. Өнүп чыккан дан өсүмдүктөрүнүн курамында аминокислоталар, майлар, клетчаткалар, микро жана макроэлементтер, витаминдер жана оңой сиңүүчү формадагы бир катар биологиялык активдүү заттар бар.
Турсун Омуралиева