Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейде Кыргыз Республикасындагы Япониянын эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) менеджери Кунио Нишизаки, «j-lead» президенти Хидеюки Иношита менен Биомасса изилдөөлөрүнүн президенти Садао Кикучи баш болгон өнөктөштөр менен жолугушуу өткөрүлдү.
Япониянын Эл аралык Кызматташтыгы агенттигинин өкүлдөрүнүн №43 кесиптик лицейге келүү максаты — органикалык жер иштетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш аракеттерди көрүү.
Кесиптик лицейдин базасында 2011-жылы долбоордун алкагында, биогаз орнотулуп, аны менен бирдикте компост жасоочу жай, электр энергиясыз жашылча, жемиштер сактоочу кампалар салынган.
Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты адистигинде окушкан кесип ээлерин органикалык жер иштетүүгө, ашпозчу адистигиндеги окуучуларды калдыксыз тамак аш жасоого үйрөтүү үчүн баардык окуу станциялары курулган. Таза кыртыш-таза үрөн-таза тамак-дени сак инсан чынжырчасы принциби менен лицейдин баардык кесиптерин алуучу адистер окутулат.
Турсун Омуралиева