Балыкчы шаарындагы С.Каралаев атындагы №6 жалпы орто билим берүү мектебинин окуучуларынан түзүлгөн «Таза коом» тобу «Жаратман жаштар» долбооруна катышып, мектепке радио түйүн ача алышты.
Youth of Osh коомдук бирикмесинин «Жаратман жаштар» долбоору 2022-жылдын август айынан башталган. Ага Кыргыз Республикасы боюнча жети аймак тандалып алынып, анын ичинде Ысык-Көл облусунан Балыкчы шаары кошулган. Сентябрь айында шаар боюнча алты топ тандоодон өтүп, алар ар кандай семинар, тренинг, окутуулардан өтүп, шаар ичиндеги көйгөйлөрдү аныктоонун үстүнөн иш алып бара башташкан. Ошол эле жылдын ноябрь айында ар бир топ өзүлөрү аныктап чыккан көйгөйдү чечүү максатында долбоор жазып, иштеп чыгышып, аны долбоордун демөөрчүлөрү алдында жактап беришкен.
Ушул жылдын 30-ноябрь күнү радио түйүндүн ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чара Балыкчы шаарынын мэринин орун басары Гульнара Кукеева, Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Эсенаманова, Youth of Osh коомдук бирикмесинин түндүк боюнча координатору Калыбаева Эльнура, “Жаратман жаштар” долбоорунун Балыкчы шаарындагы ментору Токонбаев Эдилбек, Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы “Ордо” муниципалдык жаштар борборунун жетекчиси Каныбеков Абил, мектеп администрациясы жана окуучулардын катышуусунда болду.
«Жаратман жаштар» долбоору ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу жана Балдардын жана жаштардын достук мамиледеги шаарлары жана айылдары демилгесинин алкагында БУУнун Тынчтык куруу фондунун каржылоосу менен ишке ашырылууда.
Зубаржад Жалилова