Кочкор районунда картошканын баасы мурунку айларга салыштырмалуу өсүп жатат. Дыйкандар картошканы казып жатканда 9 сомдон өткөрүшсө, азыр 18 сомго чейин көтөрүлдү. Картошканын баасы дагы канчага өсөрүн ким айта алат? Картошка канча сом болсо, дыйкандын эмгеги акталат?
Кочкордо жашаган элдин көпчүлүгү картошка өстүрүп, дыйканчылык менен эмгектенип келишет. Алардын тапкан кирешеси ар кандай. Бир жыл экинчи жылга окшобойт. Мисалы, быйыл картошканын түшүмү аз, баасы төмөн болуп дыйкандар чыгымга учурап калышты. Картошка канча сом болсо, дыйкандын эмгеги акталарын изилдеп көрөлү.
Чолпон айылынын тургуну Ысман уулу Эсенамантурдун картошка өстүрүүгө кеткен чыгымын эсептеп көрдүк.
2,5 гектарга картошка өстүрүп жалпы 565 463 сомго чыгым болгон. Бул жерден 40 тонна картошка алып, 20 тоннасын 13 сомдон сатты. Калган 20 тонна картошка сактоочу жайда сакталып турат.
Эгер калган картошканы 18 сомдон сатса, чыгымын актайт, киреше көрбөйт. Ошондо орточо баасы (13 м-н 18сомдун) 15,5 сомдон айланат. Эсенамантур гектарынан 16 тонна алгандыктан 15,5 сомдон өткөргөнү чыгымын жапты. Ал эми 1 гектардан 5 тонна алгандар чыгымга дуушар болушту.
Ысман уулу Эсенамантур: «Картошка өстүрүп бизнес кылуу үчүн акча жумшалат. Бизде атайын техника, сугат жабдуулары, картошканы жазга чейин сактоого атайын кампалар жок. Жер семирткичтерди, зыянкечтерге каршы дарыларды сатып алуу керек, үрөндү өз убагында жаңыртуу зарыл.
Быйыл 2,5 гектар картошка айдадым. 40 тонна чыкты. Жарымын 13 сомдон өткөрдүм, жарымын кампага салып койдум. Бизде картошка сактаган жер жок болгондуктан, Көк Жар айылындагы картошка сактаган жайга киргиздим. 1 тоннасына 150 кг картошка беребиз.
20 тонна картошка салсам, 3 тонна картошканы арендага берем. Былтыр 2 гектар жерден 50 тонна алып, 1млн 200 миң сом пайда көрдүм эле. Быйыл андай болбой калды. Биздин айылда жылда талаага 10 гектар жерге картошка айдалса, быйыл 40 гектар айдалды. 1 гектардан 5-6 тонна алгандар болду. Бул чыгымын актабайт. 1 гектардан 35 тонна чыкса, анда жакшы. Же картошка көп чыгышы керек же баа “жакшы” болгондо дыйкан киреше таба алат.
Үрөндү тандап, айдоонун алдында дарылоо керек, жер семирткичти жөн эле бере бербей, топурактын составын текшерип, кайсы органикалык — минералдык заттар жетпесе ошону берүү керек. Ар кайсыл жерден топуракты алып, Бишкектеги лабораторияга алып барып текшертсе болот. Комбайн алсак, картошка терүүдө чыгым азаят эле. Азыр мүшөк алабыз, казып берген трактор үчүн, картошка терген адамдарга, жүктөгөн адамдарга, картошканы кампага ташуу үчүн машинага акча төлөнөт».
20 жылдан ашык картошка өстүрүп, сатып иштеп келе жаткан Кум Дөбө айылынын тургуну Тариэл Райымкулов
Быйыл эмне үчүн картошканын баасы былтыркыга салыштырганда арзан болуп калды деген суроого Кум- Дөбө айылынын тургуну Тариэл Райымкулов мындай деп жооп берди.
«Картошканын баасы сырткы факторлордон да көз каранды болот. Бааны базар аныктайт. Быйыл бардык жерде картошка көп болду. Жазында Өзбекстан үрөндү Кыргызстандан ташып, баа жакшы көтөрүлгөн. Казакстанда Караганда, Павлодар областтарында картошка көп айдалган. Алар картошканы вагондор аркылуу Өзбекстанга жөнөтүшөт. Буга чейин Алма Атага картошка өткөрүп жаттым. Бирок 1-2 эле машина алып жатышты. Казакстанда үшүк жүрүү коркунучу бар болгондуктан, суук түшкөндө кампасын жазга чейин ача албай калышат. Ошондуктан азыр Кыргызстандан картошканы ала башташты. Картошкага баа эми өсүшү мүмкүн. Көлдөн келген картошкалардын көбү чирик болуп, жарабай калгандары көп болууда.
Бир ай мурда Казактарга Кочкордун картошкасын 15-16 сомдон, жакшылары 18-20 сомго чейин өткөрүп жатканбыз, азыр 23 сомго чейин көтөрүлдү. Ал эми айылдагы дыйкандардан 12-16 сомдон алып жатканбыз, азыр 17-18 сомдон алабыз.
Мүмкүн, быйыл ысык болгондон, суу жетпей калгандыктанбы, картошканын түшүмү түбү суюк болуп, аз чыкты. Мал тоодон эрте түшүп жаткандыктан “желе” сортундагы картошкалар убагынан эрте казылып алынып, кабыгы ката элек болгондуктан жакшы сакталбай калууда. Жок дегенде түшүм мол чыгып берсе, дыйкандар пайда табат. Быйыл болсо көпчүлүгү кеткен чыгымын жаба албай калышууда».
Интернеттеги Спутник басылмасынын маалыматына таянсак, быйыл картошка жылдагыдан көп айдалган.
2022-жылы Өзбекстандын чарбаларында 243 миң гектар жерге картошка эгилген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 55%га же 86 миң гектарга көп.
Улуттук статистикалык бюронун алдын ала маалыматы боюнча, 2022-жылы картошка эгилген аянт дээрлик 200 миң гектарды түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 2%га көп.
Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Рахатбек Исраилов:
«Кочкор району боюнча жылына 3000 гектардай картошка айдалат. Басымдуу көпчүлүк калк “Желе” жана “Пикассо” сортторун айдайт. “Актрис” жана башка эрте бышкан сортторду да өстүрүшөт. Быйыл бизге көз каранды эмес жагдайлардан картошканын баасы түшүп кетти. Буга чейин картошканы алган кишилер жок болуп жатты. Эми алып башташты.
Сатпай эле кампаларга сактап жаткан дыйкандар да бар. Бизде картошка сактай турган логистикалык жайлар жок, ошондуктан жазга чейин картошкалар да чирип кеткендер болот. Үрөндү дагы сапатын карап алыш керек. Көлдөн, чүйдөн текшерилбеген үрөндөрдү алып келип жатышып, вирустук оорулар жугушу мүмкүн. Картошкалардын чиришинин да бир себеби ушул. Бизде колорадо курту пайда боло баштады. Мурда кыштай алчу эмес эле, азыр кыштай баштады.
Комсомол, Талаа –Булак айылдарында ОсОО “Российский кортофель” деген үрөн чарба бар. Бул чарбанын үрөн сактоочу жайы бар. Өзбекстанга, Казакстан, Россияга экспортко чыгарышат. Алардын биз менен иштешкенинин себеби, бизде картошканын вирустук оорулары аз болуп, атайын бийик тоолуу айылдарды тандап, келишим түзүшкөн.
Ал эми элдердики жапайы базар болуп, баа жакшы болсо акталып, жакшы болбой калса дыйкандар чыгымга учурап калууда. Өзгөчө быйыл күйүүчү майлардын баасы, минералдык жер семирткичтердин баасы жогору болду. Чыгым көп, картошканын баасы төмөн болгондуктан дыйкандардын кирешеси акталган жок. Дыйкандарда картошка өстүрүү боюнча тажрыйбасы топтолуп калды.
Картошканы кайра иштетүүчү ишканалар болсо жакшы болмок. Үрөн, жер семирткич менен камсыз кылса, дыйкандар картошканы өстүрүп, түшүмүн туруктуу баада өткөрүп турушмак. Картошканы сактоочу жайлар жок. Сактоочу жайда аныкталган бир температура, нымдуулук сакталыш керек. Болбосо картошка чирийт, кургайт, салмагын жоготот.
Өкмөт дыйкандарга жеңилдетилген кредит берип жатат. Арзан үрөн алып келет».
Гулира Сатарова