Бүгүнкү күндө асыл тукум койлорду багуу абдан кирешелүү экендигин Кочкор районунун фермерлери жакшы түшүнүп калды. «Арашан» тукумундагы койлорго кызыгуу артып, бүгүн Кочкор районунун Теңдик айылында жайгашкан мал базарында асыл тукум койлордун көргөзмөсү өттү.
Көргөзмөнү Кочкор районундагы «Арашан» тукум койлорун баккан фермерлер уюштуруп, ошону менен бирге айылдаштарын сандан сапатка өтүүгө үгүттөштү. Көрсөтмөнүн негизги максаты Кочкор району боюнча эң салмакттуу, бойлуу койду аныктоо болду. Ал үчүн атайын ар бир айыл өкмөтүнөн бирден өкүлү калыстар тобуна кирди.
Иш-чарага Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары Самат Асаналиев жана Кочкор айылынын айыл башчысы Мирлан Исраилов катышышты.
Көргөзмөдө калыстар тобунун алдына 6-айлык козулардын (ургаачы, кочкорлор) боюн жана салмагын ченешти.
Андан тышкары, көргөзмөгө 2 тиш, 4 тиш жана 6 тиш абсолют «Арашан» тукумдагы кой, кочкорлор көрсөтүлдү.
Бүгүнкү көргөзмөгө өзүнүн коросундагы «Арашан» тукумундагы козу, кочкорлору менен келген Медербек Кочкоров бул тукумундагы койлор жөнүндө кийинкиге токтолду:
«Бүгүнкү көргөзмөгө 6 тиш кочкорду алып келгем. Булар башка кой тукумдарынан чоңдугу жана салмагы менен айырмаланат. Боюнун бийиктиги 1 метрге чейин жетет. Жаш козулары эле 50-70 килограмм эт берет. Жүнү да баалуу. Колдон келишинче, бул койлорду эч жакка кошпой, жакшы карап, өз тукумундагы кочкорго кошуп, убагында мээнет кылыш керек», — деп Шамшы айылынын тургуну билдирди.
Көргөзмөгө 5 кой жана 2 кочкор алып келген Жаңы-Жол айылынын тургуну Ырыскелди Асаналиев «Арашан» тукумундагы койлор жөнүндө кийинки маалымат берди:
«Бул тукумдагы койлорду көбөйтүү иш менен 2 жылдын жүзү болду. Азыр короомдо 30-40 баш бар. Сандан сапатка өтүп, азыр орто эсеп менен 6 айлык козуларды 35 000- 40 000 сомго баалайм, а эми ургаачы эки тиш койлорду 60 000 сомдон сатып жатам», — деп сөзүн аяктады.
Эт, май багытындагы «Арашан» тукуму гиссар тукумундагы койлор менен кыргыз кылчык жүндүү койлорунун аргындаштыруу жолу менен алынган.
Канайым Мирланова, Нурсултан Турганбаев