Нооруз майрамын Кочкор районунун тургундары жана меймандары өзгөчө шаң менен белгилешти. Мамлекеттик ишканалардын, бала-бакча, мектептердин кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аш көргөзмөсү майрамдык концерттик программа менен коштолду.
Сокулук районун Жаны-Жер айыл аймагына караштуу Восточный айылында жайгашкан мектеп окуучулары «Сары-Өзөн чолпондору» фестиваль сынагына катышышты.
Бүгүнкү күндө асыл тукум койлорду багуу абдан кирешелүү экендигин Кочкор районунун фермерлери жакшы түшүнүп калды. «Арашан» тукумундагы койлорго кызыгуу артып, бүгүн Кочкор районунун Теңдик айылында жайгашкан мал базарында асыл тукум …
Базар-Коргон шаарында болуп өткөн «Жаңгак фестивалында» Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы Гүлназ Камбарали кызынын «Тоолор жана айымдар» аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болду.
«Билим-2022» атуу Россия өлкөсүнүн билим берүү уюмдарынын көргөзмөсү Кочкор районунун мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн бүгүн Кочкор мамлекеттик администрациянын имаратында уюштурулду.
Жаздын келиши менен Нооруз майрамын белгилөөдө, эң негизгиси бул кыргыз элинин улуттук каада салтын, үрп- адаттарын сактоо менен Нооруз майрамын бүткүл республиканын бардык булуң- бурчтарында белгилеп жаткан учуру.
1-2-3 октябрь күндөрү Бишкек шаарында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги тарабынан алгачкы жолу органикалык азык-түлүк жарманкеси өттү. Ага аймактардагы дыйкан жана фермерлер катышып, өздөрүнүн органикалык азыктарын коюшкан.
Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылында уюштурулган кочкорлор жарманкеси өтүп, жеңүүчүлөрү аныкталды.
Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата чакан иш- чара болуп өттү. Ага 5-6-7-класстын окуучулары катышты. Бул иш-чаранын уюштуруучусу мектептин китепканачысы Гүлшайыр Калпакова эсептелет. …
Өмүрбек Токтобеков Ак-Талаа районундагы Кадыралы айылында туулуп-өскөн. 26 жаштагы Өмүрбек быйылкы окуу жылынан баштап, С.Атамбеков атындагы орто мектебинде көркөм өнөр жана технология сабагынан мугалим болуп эмгек жолун баштаган.
Жаңы-Жер органикалык аймактык көргөзмөсү Бишкек шаарында болду. Көргөзмөгө №43 кесиптик лицейдин айыл чарба өндүрүшүнүн усттаттары өстүргөн органикалык таза азыктар койулду. Жыл сайын Bio.kg органикалык кыймылынын демилгеси менен уштурулган көргөзмөдө экологиялык …
Китептин адам баласынын өсүп-өнүгүшүнө тийгизген таасири абдан чон. Ал маалыматтын жана маданияттын эбегейсиз зор казынасы болуп саналат. Адамзат коомунун өнүгүшүнө, анын ар тараптуу билим алуусуна китепкана жардамга келет.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде англис тили жумалыгы аяктады. Аталган жумалык КРнын билим берүү жана илим министрлигинин атайын буйругуна ылайык мектеп окуучуларынын англис тилине болгон кызыгуусун арттыруу, билим сапатын …
30-октябрда Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын имаратында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин жаркын элесине арналган атайын бурч жана бул улуу инсандын тарыхый жана урунттуу учурларын чагылдырган …
Бишкек шаарында 26-27 октябрь күндөрү “Алайдан ааламга” көргөзмөсү өткөрүлдү. Көргөзмөдө Чоң- Алай жана Алай жергесине таандык кийимдердин коллекциясы көрсөтүлүп, буюм-тайымдардын жарманкеси менен коштолду.
Элеттик айымдардын күнүнө карата Тогуз-Торо райондук маданият үйүндө айыл өкмөттөрдөн багбан, ишкер айымдар азык- түлүк продукцияларын, курут, май жана колдон жасалган буюмдардын көргөзмөлөрүн коюшту.