Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата чакан иш- чара болуп өттү. Ага 5-6-7-класстын окуучулары катышты. Бул иш-чаранын уюштуруучусу мектептин китепканачысы Гүлшайыр Калпакова эсептелет. Уюштуруучу иш-чаранын жүрүшү тууралуу кененирээк айтып берди.
21-апрелде Кочкор районунда 27 китепкана катышкан окуу фестивалы өттү . «Окуу керемет» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн фестивалда биздин окуучулар жалаң кийизден жасалган китептер боюнча кол өнөрчүлүктөрүн көрсөтүп беришти жана китепкананын атынан кичинекей китеп жасоо боюнча мастер класс көрсөтүштү. Мен бул фестивалда «Эчкинин эки улагы» деген жомок боюнча мастер класс көрсөтүп бердим.
Гүлшайыр Калпакова-мектептин китепканачысы
Бул иш-чаранын максаты балдарды китеп окууга кызыктыруу болгондуктан, китепканада кийизден жасалган китептер көргөзмөсү ачылды жана ар бир китеп боюнча бурч уюштурулду.
Ал эми бүгүнкү мектепте өтүлгөн иш-чарага 5-6-7-класстардын окуучулары катышып, өздөрү окуган китептер боюнча көркөм окушту. Обондуу ырларды ырдашып, чыгармалардан үзүндү коюп беришти. Иш-чаранын негизги максаты, окуучуларга китептин пайда болуу тарыхын, аны кандай пайдалануу керек, аларга тийгизген таасири абдан чоң экенин, китеп окуу алардын дүйнө таанымын өстүрүп жана терең билим алууга таасирин тийгизээрин жеткирүү болуп саналат. Ошондуктан жаш муундарга айтаарым телефонду көп пайдаланбастан, ар кандай кызыктуу китептерди окууга чакырам”,- деп билдирди мектептин китепканачысы.
«Акылдуу дыйкан» жомогунан үзүндү
Кийизден жасалган китептердин көргөзмөсү
Иш-чаранын катышуучулары
Базар-Коргондо китеп күнү белгиленди
Аделя Тилекова Фарида Шарыпжанова