Төлөк айылына атайын Токмок шаарынан балатылар алынып келинди. Балатылар айылдык мекемелерге таркатылды.
Балатыларды алып келип, айылды көрктөндүрүү боюнча демгилгелеген айыл тургуну Мелис Жумалиев төмөнкүлөргө токтолду:
«Жаз келип айылды көрккө бөлөө максатында бир нече айыл тургундары менен кеӊешип, айылыбыз үчүн атайын балатыларды алып келдик. Бул иш чараны айылыбыздын жигиттери колдоп, жүзөгө ашырууга жардам беришти. Өзгөчө баса белгилей кетчү нерсе шаарда өзүбүздүн айылдаш агабыз Айманов Азатбек бул балатыларды алып келүүгө чоӊ жардамын берип, демөөрчүлүк кылды. Булар менен бирге жаӊы шайланган 11 депутаттын дагы салымы чоӊ.
Жалпысынан 40ка чукул балаты алынып келинип, 10 балаты Айыл өкмөтүнө, 13 балаты “Соӊ-Көл” орто мектебине, ошону менен бирге “Фаризат” бала бакчасына 8 балаты, мечитке 5 балаты, РЭСке 2 балаты бөлүнүп берилди.»
Жаш балатылар мектептин айланасына тигилди
Балатыларды отургузуу иштери менен алек болуп жүргөн мектеп директору Касымбек Мамбеталиев буларга токтолду:
«Бүгүн айыл жергебизде жакшы иш- чара болду. Айыл тургундары менен биргеликте Мелис Жумалиев шаар жергесинен атайын айылдык мекемелерге балаты алып келишти. Бөлүнгөн балатыларды мектептин айланасына отургузуп жатабыз. Ал эми бул балатыны атайын өстүрүү үчүн бизде “бакчы” деген штат бар. Багып өстүрүү милдети ошого ыйгарылды.»
Бул балатылар бийиктеп өсүш үчүн талыкпаган эмгек керек
“Соӊ-Көл” айыл өкмөтүнүн катчысы Райымбек Алымбаев төмөнкүлөргө токтолду:
«Жаз келгендигине байланыштуу жашылдандыруу милдети жүрүп жатат. Жашылдандырууга айылыбыздын тургундары атайын спонсор издеп балатыларды алып келишти. Мурун деле тоодо өскөн балатыларды алып келип тиккенбиз. Тилекке каршы өскөн жок. Айылыбыз үчүн жан үрөп иштеп жаткан ушул жигиттерге рахмат.»
Мугалимдин салымы-окуучулардын ийгилиги
Айдана Тыныбекова, Айпери Марлес кызы