14-май күнү Төлөк айылынын тургундары жана жалпы жаштар биригип жаздын кечигишине карата түлө өткөрүштү.
Кыргыз Республикасынын Билим Берүү Министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун негизинде Кочкор районунун 19 мектебин жаңы компьютер менен камсыздады. Анын ичинде «Соң-Көл»орто мектеби бар.
Айтылуу Соң-Көл жайлоосунда 12-август күнү «Менин Соң-Көлүм» аталышындагы экологиялык максаттагы фестиваль өткөрүлдү. Фестивалдын шартында ар бир чабандарга жайлоону сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, театрлаштырылган чакан оюн менен коштолду. Андан сырткары …
Төлөк айылында 60ка чукул чабан алыскы жайлоолорго барып, жайлап келишет. Алардын 30га жакыны алгачкы жолу алыскы Соң-Көл жайлоосуна көчүрүлгөн. Анын себеби, ички жайлоо деп саналган 13 гектарга чукул жерлерге мораторий …
Төлөк айылы райондон бир аз алыс жайгашкан, климаты да катаал. Эгин айдап, жер-жемиш өстүрүүгө ылайыкташылган эмес. Андыктан айыл эли ар дайым мал чарбагылыгы менен алектенишет. Ишкердик кылуу үчүн жаз мезгелинен …
Төлөк айылынын «Соң-Көл» орто мектебинде акыркы коңгуроо салтанаты болду. Жалпы 26 окучуу бүтүрүп, анын ичинен 12 кыз, 14 бала. Акыркы коңгуроо салтанаты куттуктоо сөздөр менен жана 11-класстын чакан концерти менен …
«Соң-Көл» орто мектебинде жаңы дайындоо болду. Тактап айтканда, мурунку директор башка мектепке которулуп кеткендиктен, анын ордуна жаңы директор бекитилди.
«Соң-Көл» айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис Алтынбек Асранкулов пандемия учурунда жасалган иштери менен бөлүштү.
«Соң-Көл» орто мектебинде 9-декабрь күнү «Улуттук адабият» күнүнө карата акыл ордо оюну болуп өттү. Сынакта Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө суроолор түзүлүп, 3 тур менен өттү, жалпы 10 окуучу …
28-ноябрь күнү баардык жерде шайлоо болуп өткөнү турат. Ошону менен бирге Төлөк айылында шайлоого карата даярдыктар жүрүп жатат жана шайлоо учурунда санитардык эрежелер сакталат.
2019-2020-окуу жылдарында «Соң-Көл» орто мектебинде алыскы Америкадан Коди Ариго аттуу ыктыярчы келип иштеген. КОВИД-19 илдети чыгып, тилекке каршы Коди Ариго мөөнөтүнөн мурда өз өлкөсүнө кайтууга муктаж болгон. Бирок быйыл жай …
«Соң-Көл» орто мектебине 300гө жакын окуучу быйылкы окуу жылына тартылды. Окуучулар мектеп формасы менен ата-энелер тарабынан камсыз болушкан. Санитардык эрежелерди сактоо максатында окуучулар беткап тагынып, антисептик алып жүрүшүүдө. Бүгүнкү күндө …
Бишкекте жамааттык ЖМКлар бирлиги тарабынан уюштурулган «Жаш кабарчы» жайкы лагерине Соң-Көл жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчы кабарчысы Айпери Марлес кызы катышып келген. «Жаш кабарчы» жайкы лагеринен 12 күн бою алган билимин …
Төлөк айылындагы жаштардын көбү жумуш издеп шаарга кетишкен. Бирок КОВИД-19 илдетинин кесепетинен айылга кайтып келгендери да бар. Ал эми айрым жаштар шаарга баруудан баш тартышып, айыл түйшүгү менен алектенишүүдө.
Кочкор районунун Төлөк айылында акыркы бир ай ичинде Ковид-19 илдетине чалдыккандар каттала элек.
«Санарип мугалим» долбооруна «Соң-Көл» орто мектебинин физика мугалими Роза Асыранкулова катышып, ардак грамота менен сыйланды.
«Соң-Көл» жамааттык мультимедиа борбору 2020-жылдын ноябрь айында жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан каржыланып долбоордун негизинде ачылган.
Пандемияда жогорку окуу жайга алгач ирет барган 1-курстун студенттери үчүн онлайн окуу оор болду. Айрым учурда интернет ылдамдыгы начар болуп теманы да түшүнбөй калганын да айтышты.
Төлөк айылына атайын Токмок шаарынан балатылар алынып келинди. Балатылар айылдык мекемелерге таркатылды.
Кочкор районунун Төлөк айылынын «Соң-Көл» орто мектебинин окуучулары англис тили сабагынан онлайн курска катышып, ийгилик жарата алышты.