Төлөк айылында 60ка чукул чабан алыскы жайлоолорго барып, жайлап келишет. Алардын 30га жакыны алгачкы жолу алыскы Соң-Көл жайлоосуна көчүрүлгөн. Анын себеби, ички жайлоо деп саналган 13 гектарга чукул жерлерге мораторий жарыяланган. Ошонун натыйжасында 17-июль күнү Соң-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйүндүк Табылдиев өкмөттүн кызматкерлери менен малчылардын кабарын билип келди.
Соң-Көлгө 33 чабан жайкысын чыгып жайлап келишет. Быйыл алардын дээрлик көбү жаңы баргандар. Андыктан алар жер которуп алгач ирет баргандыктан бирден-бир көйгөйү малдар ал жакка көнбөй качып жаткандыгын белгилешти. Андан соң алыскы жайлоолордун бири болгон Кашка-Суу жайлоосуна барышты. Ал жердеги чабандарда орчундуу маселе жарала элек. Жалпы бир нече маселелер козголуп, жыйынтыгында малчылардын качан жайлоодон айылга көчүп келээри такталды. Аны менен катар качкан малдарга атайын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетинен Соң-Көлгө мал камоочу жай салынмай болду.

Кашка-Суу жайлоосундагы малчылар менен маек

Чабандардын абалы жакшы

Жолугушууга мал доктур да кошо барган

Жыйында Жайыт комитетинин төрагасына суроолор берилди

Жайыттын эсебинен жолдор оңдолгон

Ошондой эле көпүрөлөр салынган

Соң-Көлгө мал камоочу жай курулат

Чабандарда орчундуу маселе малдын айылга качып жатканы
Бурул Майрамбек кызы