Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Джер айылдык ооруканасында эмчек жана жатын моюнчасынын рагынын скринингдик программасы ишке киргизилди. Жаңы-Жер айылында атайын уюштурулган иш чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айбек Маткеримов, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Чек арасыз дарыгерлер эл аралык гуманитардык уюму (MSF) менен биргеликте эмчек жана жатын моюнчасынын рагынын алдын алуу боюнча жаңы программаны ишке киргизди, ал келерки үч жылда 60 000 аялды текшерүүнү максат кылат. Программа ушул жылдын июнь айында ҮДТнын базасында Чүй облусунун Сокулук районунда диагностикага жана дарылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган. Жаңы-Жерде онкологиялык оорулар боюнча текшерүү иштери башталды. Жатын моюнчасынын жана эмчек рагын эрте аныктоо онкологиялык оорулардан өлүмдү азайтат. Министрлик бул демилге үчүн MSFке ыраазычылык билдирет. Биз бул программаны мындан ары өлкө боюнча жайылтуу жана эмчек жана жатын моюнчасынын рагынын алдын алуунун масштабын кеңейтүү үчүн биргелешип иш алып барабыз”,-деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков.

КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен MSF биргелешкен программасы скринингди, ракты амбулатордук дарылоону, ошондой эле жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларды дарылоону, үй-бүлөнү пландоо боюнча консультацияларды сунуштайт. MSF Улуттук онкология жана гематология борбору менен иштешет, айрыкча бейтаптардын аялуу топтору үчүн кеңейтилген изилдөө жана дарылоону камсыз кылуу. Психикалык ден-соолук боюнча кеңештер рак оорусуна чалдыккан аялдарды коштоп жүрүшөт.

Эмчек рагы жана жатын моюнчасынын рагы Кыргызстанда аялдар арасында эң көп катталган эки рактын бири. Учурда рак оорусуна чалдыккан аялдардын өлүмүнүн негизги себеби болуп келүүдө.
Айчолпон Омуралиева