Сокулук районунун Жаны-Жер айылында жайгашкан №43 Кесиптик лицейдин окуучулары жана иштеген коллективи “ этнокейтеринг”тейлөө кызматынын уютурушууда. -“Этнокейтерингдин” негизги артыкчылыгы- мобилдүүлүк жана жагымдуу жакшы маанай тартуулап, кыргыз көчмө ашканасын жайылтуу,кыргыздын конок күтүү каадасын, дасторкон жайуу учурунда пайдаланган идиш аяктарын, тамак аштарын нукура каада салттык ыкмасы менен чагылдырып көргөзүү.
№43 Кесиптик лицейдин окуу бөлүмү боюнча директордун орун басары Асира Назарматова; Этнокейтеринг — Бул кадимки эле кейтеринг кызматы. Болгону биз бул кызматты байыркы кыргыз элинин конок күтүү адебин, меймандарды сыйлооодогу шарттарын, кыргыз элинин тамактануу учурундагы ырым жырым салттарын колдонуп атайын окутуу программасын түзуп, окуучулар менен практика кылуудабыз. Мындай кызмат айыл жергесинде өзгөчө киреше алып келе турган пайдалуу кызмат экенин окуучуларга тааныттык десем да болот. Айылда өткөрүлүүчү иш чараларда, семинарларда, ал гана эмес шаар жериндеги өткрүлгөн иш-чараларда дагы кызмат кылуудабыз.
Азыр дагы бизде жакшы идеялар бар. Учурда алардын үстүндө иштеп жатабыз. Бул «Этнокейтеринг» тейлөө кызматын мындан ары дагы өркүндөтүп эл аралык деңгээлге алып чыгуу биздин максат. Окуучулар айткандай Кыргыз даамын дүйнөгө «Этнокейтеринг» менен таанытуу керек дешет. Жаштардын тилегин берип, «Этнокейтеринг» тейлөо кызматын жайылтууга чамабыз жетээр деген ойдомун.
Илгери кыргызда конок тосуу адеби кандай болгон, кыргыздардын дасторкон жайуусу, кандай идиш аяктарды колдонгонун, ашканада кыз- келиндер кандай кийингенин дегеле конок күтүү адебин лицейдин окуучулары гана үйрөнбөстөн иштеп жаткан кызматкерлер да өздөштүрүшүүдө.
Бишкек шаарында уюштурулуп жаткан семинарларда, көргөзмөлөрдө №43 Кесиптик лицейдин “Этнокейтеринг”уюшмасы өндүрүштүк окутуунун устаты Динара Абакованын жетектөөсү менен кызмат корсөтүшүүдө.
Турсун Омуралиева